Текебаев: Эми президенттик, парламенттик шайлоо чукул арада чогуу өтүшү зарыл

1056

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Сооронбай Жээнбеков кызматтан парламенттик шайлоо өткөндөн кийин кетсе туура болмок деп эсептейт. Мындай пикирин ал 15-октябрда «Азаттык» радиосуна билдирди:

«Менин жеке оюмда, президент парламенттик шайлоодон кийин, жаңы өкмөт калыптангандан кийин кетсе жакшы болмок. Анткени, шайлоо убагында бардык тараптар таанылган легитимдүү орган керек болот. Бирок, тилекке каршы, бүгүн президент арызын жазып кетти. Бул төмөнкүлөрдү жаратат: кыска убакыт ичинде кайрадан президенттик шайлоо болушу керек, өлкөдө акча тартыш болгондуктан, парламенттик жана президенттик шайлоонун мөөнөтүн дал келтириш керек. Шайлоолор жаңы жылга чейин өтүшү зарыл. Бул абдан маанилүү, ошол эле кезде кооптуу иш-чара болот. Бүгүнкү убактылуу бийлик шайлоонун таза өтүшүнө жана коомдук тартиптин, мыйзамдардын сакталышына кепилдик берип, аткарышы керек».

Текебаев азыр өкмөт тез арада чара көрүп, кырдаалды турукташтырышы зарыл экенин белгилеп, аянттарда эл чогулуп, түрдүү талаптарды айтып турганы шайлоого терс таасирин тийгизиши ыктымал деген оюн кошумчалады. Экстремалдуу учурда, басым-кысым фактору чечүүчү болуп турган убакта эркин шайлоо тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес экенин белгиледи.

Жээнбеков 15-октябрда кызматтан кетерин расмий жарыялады. 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акцияларынан кийин өлкөдө саясий кризис башталган. Соңку эки күндө парламенттин жана өкмөттүн жетекчилиги алмашкан.