Митингге чыккандар парламенттин, анын төрагасы Исаевдин кетишин талап кыла баштады

169

Бишкектеги “Ысык-Көл” мейманканасынын алдында буга чейин Сооронбай Жээнбековду отставкага кетүүгө үндөп жаткан митингде эми Жогорку Кеңештин таркашы жана анын жаңы шайланган төрагасы Канатбек Исаевдин кетиши талап кылынууда.

Митингчилер имараттын бооруна “Биздин президент Садыр Жапаров”, “Исаев кетсин!”, “120 депутат бизге кереги жок” деген ураандарды илип коюшкан.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда саясий кризис курчуп турат.

15-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетерин жарыялады.

14-октябрда мурдагы депутат, 6-октябрга караган түнкү тополоңдо тарапташтары түрмөдөн бошотуп алган Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка дайындалган.

13-октябрда Канатбек Исаев парламенттин жаңы төрагасы болуп шайланган.