МИНИСТИРДИН “ЭСТАФЕТАСЫ” Курсан Асанов тууралуу ачуу чындык!

3847

Кыргыздын милициясына сабак өтпөйт экен. Булардын жетекчиси просто “кашаң” экен. Ушул сөздүн маанисин да билишпейт экен. Жалкоо деген нерсени түшүндүрөт. Тээрини кескенде ошонун калдыктарын да “кашаң” деп коюшат кыргыздар. Ушуну билсе Кашкар Жунушалиев “Азия ньюс” гезитин сотко бербейт эле да. Сот дагы кыргыздын нукура сөздөрүн билбейт экен, болбосо айтат эле го министирге – “урматтуу генерал, жалкоо деген сөзгө доо арыз берилбейт” деп. Гезитке 300 миң сом штраф салды. Бул макоочулукбу же жалкоочулукпу?

Ыңкылаптагы элдин толкуну көтөрүлгөндө, МВД, ГКНБ, Коргоо Кеңеши жана Генпрокуратуранын башчылары качып кетишти. Мамлекетти таштап качышты. Мындай көрүнүштү “дезертирство” дейт. 6-октябрда экстремалдуу кырдаал жаралды. Президент Ак Үйдү таштап кетти. Премьер-министр “отставкага” арызын жазды. Спикер жашынып калды. Өлкөнү башкарган киши калбады. Ушундай учурда “жоокерлигин” баягы эле генерал Курсан Асанов көрсөттү. Мындайда ал эч качан үнкүргө кирбейт. Аянтка чыгып, шаарды коргоду. Өмүрбек Суваналиевге кошулду, буларды катардагы күч кызматкерлери коштоду. Ушул офицерлер мародерлордун жолун торошту. Кашкар Джунушалиев менен Орозобек Опумбаевдин ушул күнгө чейин карааны да көрүнбөйт. Бир жума өттү. Жок. “Апаптап коелу” деп издеп жатышат.

Бийликтин жарым жартылай калдыктары Садыр Жапаровду “алда, кокуй ай” деп үч ирет бекитишти (6 октябрда 37 депутатты аран табышты, 10 октябрды 51 киши чогулду, анан 14 октябрда 80 адам добуш берүүгө катышты). Садыр Жапаров милициянын жетекчилигине бир полковникти тааптыр, ал “прослушка” менен “наружка” деген иштер боюнча машыккан неме экен. Анын биринчи кадамы дайыны жок болуп чыкты – Темирлан Султанбеков деген социал-демократтардын жаш өкүлүн жана Курсан Асановду каматтырды – “они организовали беспорядки в городе” деген шылтоо менен. Шылкыйган эле бир аргумент. Баягы эле абсурд. Жаңы премьер-министирге ушул керек беле. Темирлан менен Курсан Ак Үйгө штурм жасап, ошол жерди өрттөп салыштыбы? Андан кийин аянтка чыгып, Атамбаев менен Бабановдун биргелешкен “армиясын” жетектеп, Жапаровдун “гвардиясы” менен салгылаштыбы?

Айптоого реалдуу негиз болуш керек да, баягы эле эскирген “сюжетти” колдонуп жатышат. Кой-Таштан кийин Асановго ушундай чирик “сценарийди” жазышпады беле – “продал интересы милиции” деп. Бул жолуда “продал милицию что ли”. Бийлик буга “дежурный предатель” деген наамды ыйгардыбы? Үңкүрдө жаткандар бул генералдан ушунчалык коркушабы. Ооба, бул үңкүргө кире качпайт, себеби “кролик” эмес, алсыздарды баса калбайт, себеби “шакал” эмес, майдандан коркпойт, себеби “Исмаил” эмес (генерал Исмаил менен “не путать”, дезертир Исмаилди айтып атам – “Бетме беттин” каарманын).

Өлкөгө түйшүк түшкөн учурда Асанов жубайынын этегин кармап олтура албайт, обязательно ок атылган, кан төгүлгөн жерге барып, карапайым элди коргойт, мамлекетти сакташ үчүн төшүн тосот. Жошоонун мааниси буга ушундай түрдө ачылат. Анан арамдардын торуна чалынып калат. Түйшүк тартат. Сынбайт. Бул жолу деле жеңилбейт дечи, бирок шише толду. Сколько можно издеваться. Акын Эсенгул Ибраев айткан “эски аңга” кайра-кайра кулай беребизби. Кезектеги бийлик өткөн бийликтин “эстафетасын” улай береби. Хватит уже. Садыр Жапаров да “продолжение следует” дегенди кылабы?

Ушундай болсо анда поэзиянын классиги Сергей Есениндин 1922 жылы жазылган ыры бизге ылайык болуп чыгат. “Страна негодяев” деген поэманы жарыялаган. Сөздөрү мына. Оригинал.

Пришли те же жулики,

Те же воры,

И вместе с революцией

Всех взяли в плен

“Жулики” деген сөз үчүн авторду жайлап салышкан. Которуп берейин.

Ошол эле шылуундар кайра келип,

Ошол эле уурулар колун салып,

Революциянын үстүнө минип алды,

Баарыбызды заматта туткундады

Жүз жыл мурун жазылган саптар. Эскирбеди. Глупый жолго түшсөк, анда аянтка чыккан инсандарды “за участие в беспорядках” деп баарын камаш керек – “Ата-Мекенди”, “Мекенчилди”, “Республиканы”, короче говоря, “Бүтүн Кыргызстанды”. Ошондо Бишкекте үч эле киши калат – президент, премьер, спикер. Оокатты кантип кылышат. Жок, мындай нерсе невозможно дешсе, анда үчөө биригип Курсан Асановду милицияга министр кылышсын. Ушундай чечимге эл да, мамлекет да, табият да ыраазы болот.

Кубан Мамбеталиев, коомдук ишмер.

ЧЫНДЫК