БШКнын шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу чечими боюнча Жогорку сотко эч ким кайрылган эмес

18

БШКнын 4-октябрдагы шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу чечими боюнча Жогорку сотко эч ким кайрылган эмес. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Эскерте кетсек, ММКларда 4-октябрдагы шайлоого катышкан партиялардын бири БШКнын шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө чечими боюнча Жогорку сотко кайрылганы тууралуу маалымат чыккан.