Алтынбек Намазалиев Чүй облусунун башчысы кызматынан бошотулду

8

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнүн 15-пунктуна ылайык, Намазалиев Алтынбек Абдисаламович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон, – деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.