АЖЫРАШУУ АЙЛАМДЫ КЕТИРДИ, КҮЙӨӨМӨ КАЙРА БАРСАМБЫ?

1203

Менин көйгөйүм, күйөөм экөөбүз урушуп кеткенибизге 1,5 ай болуп калды. Ортобузда эки балабыз бар. Мен швеяда иштейм, акчанын баарын күйөөмө алып келип берем. Күйөөм болсо иштеген жерин же акчасын айтпайт. Мен жумуштан чарчап келип, жакшы сөз да уга албайм. Акыркы күндөрү апамдын көзүнчө кагып-силкип, сүйлөп баштады. Апам мамилебизди көрүп, чыдабай кайненеме “балаңар оңолсун, болбосо кызымды алып кетем” деп айтыптыр. Аны күйөөм угуп алыптыр, чоң чатак баштап, “кет эле кет” деп урушуп, апам келип алып кетти. Эми кыйналып, айламды такыр таппай жүрөм… Ажырашуу, коломтоң бузулуу оңой эмес экен. Күйөөмө кайра барсамбы?..

Нуриза