Тышкы иштер министрлигине чыныгы дипломат Руслан Казакбаев келди

1165

2010-жылдагы Апрель окуяларынан кийин, өлкөбүз өткөөл мезгилде турганда тышкы саясатты Руслан Казакбаев колго алып, министр кызматына киришип, Кыргызстандагы жаңы бийликти дүйнө эли легитимдүү катары таанышына чоң салым кошкон.

Казакбаев дасыккан дипломат, ал кишинин кесиби гана эмес, жашоо образы дагы дипломат.

Учурдагы өлкөдө жаралган тышкы саясаттагы кризисти Руслан Казакбаев тез ордуна коёт деп көпчүлүк ишенип турат.