Нуржигит Кадырбеков маданият министри болуп дайындалды

25

Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду, – деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Маалыматка ылайык, мындай чечим кадрдык потенциалды жаңыртуу жана мамлекеттик жарандык кызматка жаңы жана жаш адистерди тартуу максатында кабыл алынды.