Жапаров: Жээнбековго отставкага кетип, экс бойдон калуусун сунуш кылам

4733

Жаңы дайындалган премьер-министр Садыр Жапаров журналисттерге президенттин кызматтан кетүүсү тууралуу оюн билдирди.

Анын айтымында, бүгүн ал президент менен жолугушуп, бул маселе аягына чыгарылат.

“Тарапташтарымды мен чакырган жокмун. Алар менин эле тарапташтарым эмес. Бүткүл кыргызстандыктар деп билсеңиздер болот. Бүткүл кыргызстандыктардын талабы – президент кетсин, шайлоо жокко чыксын деп келип жатышат. Анан, үчүнчү талабы – Садыр Жапаровду отургузуп келели деген талап менен чыгышкан. Мен бүгүн президентке жолугам. Бул маселени чечебиз. Бүгүн аягына чыгарабыз. Мындан ары туруктуулук болушу керек. Менин оюмча, эң биринчи келишимге келишибиз керек. Ал кырдаал мыйзамдуу жолго түшкөндөн кийин арызымды жазып, экс-президент болуп калайын деген. Мен ошол чечимди сунуш кылам. Аны кандай кабыл алат, ал өзүнүн иши”, – деди ал.

Саясий куугунтук болбойт. Бул тууралуу “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан маалымат жыйынында премьер-министр Садыр Жапаров билдирди.

Жапаров сот, прокуратуранын ишине кийгилише албастыгын белгилеп кетти.

“Криминал деген түп-тамыры менен жок болот. Катуу күрөшөбүз. Жок болот, криминал. Келгиле, өнүккөн өлкөлөр сыяктуу криминалды жок кылып, таза, өнүккөн мамлекетти түзөлүчү. Силер жардам бергилечи, мага. Саясий эч кандай куугунтук болбойт. Мен сиздерге сөз берем. Саясий куугунтуктан мен, менин үй-бүлөм жана бир туугандарыбыз, баарыбыз жон терибиз менен өттүк. Саясий куугунтуктан, адилетсиздиктен менчелик өткөн араңыздарда бир да адам жок болушу керек “, – дейт ал.

Эскерте кетсек, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясындагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Садыр Жапаровду премьер-министр кылып шайлап, жаңы өкмөттүн курамын бекитип берген.