ВИДЕО – Депутаттар Сулайманов менен Керезбеков мушташып кетти

950

Жогорку Кеңештин комитетинде шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү боюнча сунушту кароо боюнча демилгеге байланыштуу чыр чыкты. «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов сунушу каралбай калганы үчүн Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана парламенттин регламенти боюнча комитетинин төрагасы Канат Керезбековду айыптады. Эки депутаттын ортосунда чыр чыгып, аларды башка депутаттар ажыратып калганына журналисттер күбө болушту. Окуядан кийин Сулайманов менен Керезбеков журналисттерге комментарий беришти.

«Мушташ болгон жок. Айтыштык. «Эмнеге созуп жатасыңар? Өткөрүп койсок болот эле го. Бул коомчулуктун, партиялардын, элдин күтүп жаткан негизги маселеси болчу» дедим. Ич ара бири-бирибизге түшүндүрүү болду. Өткөрүп коюуга мыйзам жол бермек. Бирок депутаттар кетип калбадыбы. Жаш партиялар келсе, эркин атаандаштык болсо, шайлоо босогосун жети пайыздан үч пайызга, беш миллион сомдук күрөөнү бир миллионго түшүрөлү, №2 форманы жок кылалы деген үч маселени коёлу дегенбиз», – деди Сулайманов.

Керезбеков журналисттерге №2 форма боюнча маселе мурда комитетте каралганын, бирок жалпы жыйында колдоо таппай койгонун билдирди. Ал шайлоо мыйзамдары конституциялык мыйзамдардын катарына кирерин, алар өзгөчө абал учурунда каралбашы керек деген талап бар экенин, бирок ошого карабастан талкуулоо тууралуу түшкөн сунуш кворум жоктугунан каралбай калганын айтты.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөн. Анда жарым миллионго жакын шайлоочу добушун №2 форма менен бергени добуш сатып алуу катары бааланды. Азыркы мыйзам боюнча, парламенттик шайлоодо добуштардын жети пайызынан көбүн алган партиялар гана өтө алат. Соңку шайлоодо ушул жагдайлар адилетсиздикке себеп болгонун айткан он чакты партия 5-октябрда нааразылык митингин уюштурган. Ошондон бери өлкөдө саясий кризис курчуп турду.

Бүгүн, 14-октябрда өкмөт башчы, кечээ парламент төрагасы шайланганда гана өлкө мыйзам нугуна түшкөнү айтылып жатат.