Бүгүн Жогорку Кеңеш төраганы шайлайт. Талапкерлердин бири – Канат Исаев

26

Бүгүн мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында Жогорку Кенештин кезексиз жыйыны өтөт. Учурда депуттар кезексиз жыйынга чогулууда.

Депутат Жанар Акаев бүгүн парламент төраганы шайлай турганын билдирди.

“Эки талапкер болууда. Талапкерлердин бири – Канат Исаев, экинчиси – белгисиз. Мен Дастан Бекешовдун талапкерлигин сунуштадым. Бирок кесиптештерим ал сунушту колдогон жок. Кворум чогулгандан кийин жашыруун добуш берүү болуп, төраганы шайлайбыз”, – деди ал.