Биз сынган жокпуз, сынбайбыз! Жанар Акаев чукул билдирүү таратты

2757

Достор!

Бир нече күндөн бери Кыргызстанды мыйзамдуу талаага кайтарып, 6-октябрдагы митингдин жыйынтыгын коргоп калуу үчүн аракет кылып жүрдүк. Ал үчүн парламенттин мыйзамдуу жыйынын өткөрүп, жаштар каалаган, өзгөрүүлөрдү ишке ашырчу адамды өкмөт башына алып келүүгө колубуздан келишинче далалат кылып жатабыз. Ошондуктан, сиздер менен түз баарлашууга мүмкүнчүлүк болбой жатты.

Биз миңдеген замандаштарыбыздын эркин, коррупциясыз мамлекет куруу боюнча талабы, мүдөөсүн уурдатпашыбыз керек. Биз 19 жашында өлкө үчүн өз өмүрүн курман кылган Үмүтбектин үмүтү, колунан, көзүнөн айрылган ондогон замандашыбызтарыбыз үчүн күрөштү улантабыз. Күрөш жаңы гана башталды. Жаркын келечек үчүн дагы көп күрөшөт окшойбуз. Биз сынган жокпуз, сынбайбыз.

5-6-октябрдагы акциялардын максаты жаңылануу, мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү камсыз кылуу болчу. Анын жыйынтыгы менен кайсы бир топ шашып-бушуп, кара күчкө таянып бийликти алсын деген эмеспиз.

Бардык күчтөр шайлоого катышып, элдин колдоосуна ээ болсо мыйзамдуу түрдө өкмөт башына келсин.

Биздин бир гана Мекенибиз бар. Биздин саясатчыларды Мекендин келечегин өз саясий амбициясынан жогору койбоого чакырам.

Ошол эле учурда 5-октябрдагы окуялар үчүн Темирлан Султанбековдун кармалышына аябай кабатырланып жатам. Жаштардын талабы менен чыккан акция үчүн жаштарды жоопко тартуу аракетинин аягы жакшы менен аяктабайт. Ошондуктан, Султанбековду эркиндикке чыгарууну талап кылам

Жанар Акаев, ЖК депутаты.