АКШ: коронавирус жугузган Трамп ишине киришти

94

Коронавируска чалдыккан АКШнын президенти Дональд Трамп айыгып чыккан соң шайлоо өнөктүгүн уланта баштады. 12-октябрда ал Флоридадагы Сэнфорд шаарында ачык асман алдында өткөн жолугушууга катышты. Ал жолугушууга келген тарапкерлеринин алдында сүйлөп жатып «мен өзүмдү күчтүү сезип турам» деди.

Трамп бул жолугушууну шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө өз пайдасына колдонууга аракет кылып жатат. Ал коронавирустан кийин жакшы болгонун өз администрациясынын пандемияга каршы даярдыгы мыкты экенинин далили катары көрсөткүсү келүүдө.

3-ноябрга белгиленген шайлоого үч жума калганда Трамп сурамжылоолор боюнча негизги атаандашы Жо Байденден артта калууда.

Митингдин алдында Трампты дарылаган дарыгер АКШ президентинин акыркы күндөгү вируска тапшырган анализи таза чыкканын жарыялаган болчу.

АКШда коронавирус пандемиясы башталгандан бери 7,8 миллион адам вирус жугузуп, 214 миңден ашык адам каза болду.