Убактылуу жабылган мекеме-жайлар кайра ачылды

75

Бишкекте убактылуу жабылган мекеме-жайлар бүгүн 12-октябрда кайрадан ачылып, иштей башташты. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, калкты тейлөө борборлору, «Унаа» жана «Кыргызпочтасы» ишканаларынын бөлүмдөрү, архивдер кадимки тартипте иштеп жатат. Бул мекемелер 9-октябрда Бишкектеги окуяларга байланыштуу ишин убактылуу токтотушкан болчу.

Ошондой эле бүгүн баш калаадагы ири соода борборлору да кадимки тартипте иштеп жатат.

4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийин борбор шаарда нааразылык акциялары башталган. Ала-Тоо аянтындагы митинг бийликтин негизги имаратына кирип баруу менен аяктаган. Андан кийинки бир нече түн катары менен шаарда топтолгон адамдар пайда болуп, талап-тоноо коркунучу жаралгандыктан көптөгөн мекеме-жайлар жабылган. Элдик кошуундар түнү менен күзөттө болгон.