«Республика» партиясы саясий күчтөрдү мыйзамдуулук үчүн биригүүгө чакырды

53

«Республика» партиясынын саясий кеңеши: Туруктуулукту сактоо жана укуктук негизге кайтуу үчүн бардыгыбыз биригишибиз керек!

Одоно укук бузууларды колдонуп добуштарды сатып алган, добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалаган жана административдик ресурсту чексиз колдонгон акыйкатсыз шайлоонун айынан 5-октябрдагы окуялар болду. Мындай эң ыплас шайлоолорго макул болбогон элибиз тарыхыбыздын жаңы барагын ачып берди! Биз даярдап, 11 оппозициялык партия лидерлери кол койгон арыздын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы ал шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарган.

6-октябрдан 11-октябрга чейин ар кандай окуялар болуп өттү, аларды укуктук талаага кайтарып келүүбүз керек. Ошол эле учурда, биздин өлкөдө эски көйгөйлөр менен катар тезарада чечилиши абзел болгон жаңы көйгөйлөр да пайда болду. Алар саясий туруксуздук, коомдогу келишпестиктер, пандемиянын жаңы толкуну жана өнөктөш мамлекеттер менен болгон ыраатсыз мамилелердин айынан чыккан экономикалык көйгөйлөр.

Кечээ, 10-октябрда Жогорку Кеңештин жыйыны болуп, анда Садыр Жапаров премьер-министр болуп бекитилди. Бир катар коомдук жана саясий ишмерлер, депутаттар жана кесиптик юридикалык коомчулуктун өкүлдөрү жолугушууда кворум жок экендигин ачык билдиришти. Премьер-министрди жана өкмөттүн курамын бекитүүнүн легитимдүүлүгү күмөн жаратты.

Укуктук, мыйзамдык негизге кайтуубуз керек. Өкмөт башчысын жана курамын бекитүү үчүн кворумга жетиштүү сандагы депутаттардын катышуусун камсыздоого чакырабыз. Аны менен бирге бардык саясий партиялардын жана коомдук кыймылдардын лидерлерин тез арада бир аянтчага чогултуп, конструктивдүү диалог аркылуу элдин биримдигин сактоо, тынчтыкты камсыз кылуу жана коомдогу чыңалууну азайтуу максатында легитимдешүү жана консолидация процессин камсыз кылууга чакырабыз!

Азыркы укук коргоо органдарынан, алардын жетекчилеринен, ошондой эле саясий күчтөрдөн оппоненттерди коркутуу жана куугунтуктоону токтотушун талап кылабыз! Мындай аракеттер коомдогу кырдаалды кайрадан күчтөнтүп, чыңалуу жаратып салат!

5-октябрдагы тынчтык акцияларынын эң маанилүү талаптарынын бири – ыплас шайлоонун натыйжаларын жокко чыгаруу жана КР Жогорку Кеңешине таза жана жаңы шайлоолорду өткөрүү болгон! Биз бардык партияларды, саясий жана коомдук күчтөрдү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоону өз убагында, эркин жана акыйкат өткөрүү үчүн биригүүгө чакырабыз.

Элибиздеги ынтымак, мекенибиздеги тынчтык жана мыйзамдуулук саясатчылардын жана саясий күчтөрдүн жеке жана тар кызыкчылыктарынан жогору турат!

10-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулуп, премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду бекиткен. Садыр Жапаров бул чечимди легитмидүү деп эсептеп, өкмөт башчы катары милдетин аткарып жатат.

Парламенттин вице-спикери Аида Касымалиева Садыр Жапаровдун шайланышы мыйзамсыз болгонун, отурумга тиешелүү сандагы депутаттар катышпай, кворум болгонун, катышкан депутаттар да коркутуп-үркүтүүлөр аркылуу гана добуш берүүгө аргасыз болгонун айтып чыккан. Башка да бир катар депутаттар, юристтер кворум болбогонун, жыйында регламент тууралуу мыйзам бузулганын айтышууда.