М.Абылов, коомдук ишмер: Курсан Асанов куугунтуктоого алынбашы керек!

1431

Бүгүнкү кырдаал боюнча пикир

Бүгүнкү кырдаалшайлоонун ыплас өткөнүнөн жаралды. ​ Шайлоодо ​ төрт эле партия утту деген кабар чыкканда, ​ утулган партиялар, шайлоодо​ биринчи үч оорунду ээлеген «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партияларын, бир жылаандын үч башы катары сыпаттап, алардын алган добуштарын жокко чыгарууну талап кылышты. Мындай​ талапты парламентке төртүнчү партия болуп өткөн «Бүтүн Кыргызстан» партиясы да колдогондуктан, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы митинг жана тополоң менен аяктады.​

Ошол тополоңдун жаралышына, эки эле партия менен бийлик күнөөлү. Себеби, «Биримдик» менен «Мекеним Кыргызстан» партиялары акча таратышып, административтик ресурстарды колдонушуп элдин добуштарын шайлоо учурунда сатып алып жатканда, бийлик көрмөксөн болуп туруп алды. ​ Бийликчил ушул эки партия ошондуктан парламенттеги 120 орундун 91 – н ээлеп, «Кыргызстан» менен «Бүтүн Кыргызстан» партияларына, итке сөөк ыргыткандай кылып, 16 жана 13 орун ыраа көрүштү.​

Оппозицияны колдошкон шайлоочулар бизде бийликчил партияларга эч качан добуш бербей турганын эске алсак, шайлоодо биринчи жана экинчи оорунду ээлешкен «Биримдик» менен «Мекеним Кыргызстан» партиялары, опозицияда эмес «Кыргызстан» партиясынын шайлоочуларынын эле добуштарын тоноп алышты десе болот.​ ​ Эгер бул жалган болсо, парламентте он алты мандатка ээ болгон «Кыргызстан» партиясы, бийликке каршы эл митингке чыкканда, жок дегенде бир жолу бийликти жактап үн катмак да.

Митингке чыккан элдин талабы жөндүү​ болгондуктан, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Андан кийин гана чындыктын накта жүзүачылды. Карагылачы, бүгүн ​ шайлоо унутулуп эле Өкмөт башчы кызматы талаш болуп жатат.​ Мыйзам бузуулар менен дайындалган С. Жапаров болсо өзү легитимдүү боло албай жатканына карабай, эми Президенттин оордун ээлегенге шашылып, эки ​ сөзүнүн биринде эле, С. Жээнбеков эки үч​ күндүн ичинде өз ыктыяры менен кызматтан кетем деген деп, кайра-кайра элге жар салып, Президент С. Жээнбековту парламентке арыз жолдоого түткүлөп жатат. ​ Эмне үчүн С Жээнбеков кызматтан кетем деп жатканы белгисиз. Аны кызматтан кетсин деген бүгүн элде​ талап деле жок. Эгер чын эле кызматтын ал кеткиси келсе,​ жок дегенде ал шайлоону кайра өткөрүп, парламент менен өкмөттүн жаңы курамы​ ишке киргенден кийин деле кетсе болот да.​ Бизде бүгүн ​ Өкмөт менен парламент толук кандуу бийлик болбой турганда, ал кызматтан кетсе, ​ өлкөдө баш аламандык жанданып, өлкөбүз​ бүлүндүгө​такалышы ыктымал. Буга Президент катары С. Жээнбеков баа бере алатко деп ойлойм.

Эми дагы бир оорчундуу маселе тууралуу айтпаса болбойт.​ Райым миллион деп атка конгон Матраимов шайлоодо С. Жээнбековтун иниси Асылбек менен атаандашып отуруп, шайлоонун ит акмагын чыгарып, акыры ал шайлоонун жыйынтыгы бизде жокко чыкты. Бирок качып кетти деген Райымдын карааны дагы эле бүгүн бизди жандап жүрөт. Ошонун айынан​ бизде Өкмөт башчы шайланбай жатат.​ С. Жапаров менен Ө. Бабановтун талапкерлигин​ Жогорку Кеңеш​ колдогусу келбей, парламент жыйынга толук кандуу чогулбай жатат.​ Жогорку Кеңеш Бабановту колдогусу келбейт, себеби аны артында коррупциянын «ана башы» деп аталган кылмышкер Атамбаев турарын депутаттар билет. Жапаровту да Жогорку Кеңеш колдогусу келбейт, себеби анын артында ​ бүгүн Райым миллиондун​ чөнтөк депутаттары менен К. Колбаевтин​ көчө балдары ​ турганын депутаттар билип калды.​ Ошондуктан Өкмөт башчы кызматына Атамбаев, Колбаев, Раим миллионго байланышы жок жаңы талапкер көрсөтүлсө, парламент толук кандуу жыйын өткөрө алат.

Акырында. Тополоң учурунда ички кагышууларга жол бербеген Ө. Субаналиев менен К. Асановко, алардын ээлеген кызматтары ошондо ​ мыйзамсыз болсо да,​ ​ куугунтуктоого алынбашы керек. Себеби алар тополоң учурунда укук коргоо органдарынын туура иш алып баруусуна​ ​ көмөктөш болгону, мамлекетибиздин ичинде тынчтыкты сактоого алып келгени чындык. ​ Теги эле айтканда, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери А.​ Мадумаров, ушул кырдаалда стабилдүүлүктү сактап турууга таасирлүү салым кошту.

Мамлекеттик жана коомдук ишмер​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ М. Абылов