Кыргызстанда сутка ичинде 127 адам коронавирустан айыкты

18

Кыргызстанда сутка ичинде 127 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 20, Ош шаарында – 16, Чүй облусунда – 7, Ош облусунда – 20, Жалал-Абад облусунда – 44, Баткен облусунда – 41 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 44 миң 522 адамга жетти.