Кыргызстанда дагы 22 медиктен коронавирус табылды

20

Кыргызстанда дагы 22 медиктен коронавирус табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте 2, Ош шаарында 3, Баткен облусунда 3, Ош облусунда 8, Жалал-Абад облусунда 3, Чүй облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2 медик илдетке кабылды.

“Ал эми бир суткада стационардан 1, үй карантининен 3 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3437 учур катталды, алардын ичинен 3089 медкызматкер айыгып чыкты”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 12-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 298 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 49 миң 528ди түзөт. Алардын ичинен 44 миң 522 киши айыгып чыкты, 1 миң 90 адам каза болду.