Өмүрбек Суваналиев: «Курсан Асанов ИИМди басып алган жок!

3184

Өмүрбек Суваналиев: «Курсан Асанов ИИМди басып алган жок. Ал ИИМди жетектеп туруу үчүн Коопсуздук кеӊеши тарабынан убактылуу кызматка дайындалган. Себеби ал учурда жалгыз легитимдүү орган дал ошол Коопсуздук кеӊеши болуп турган».

Андан мурун 8-октябрда өткөн жарандык форумда Өмүрбек Суваналиев «Кыргызстандагы жалгыз легитимдүү орган Коопсуздук кеӊеши экендигин жана өлкө аймагында тартип орнотуу үчүн бардык укук коргоо органдарын координациялоого алгандыгын» билдирген.

«Абал өтө оор. Партиялар өз алдынча митинг өткөрүп жатышат жана бир пикирге келе албай турушат. Мурунку бийлик «биз эч кайда качкан жокпуз, дагы деле болсо иштеп жатабыз» деп билдиришүүдө. Президент өзүнүн легитимдүүлүгү тууралуу айтууда. Азыр жалгыз легитимдүү орган -Коопсуздук кеӊеши. Катчынын орун басары катары мен өз милдеттеримди аткарып жатам» – деди ал.