Өлкө боюнча 22 медик коронавирус жуктуруп алганы аныкталды

17

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 22 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында – 6, Баткен облусунда – 4, Ош облусунда – 8 жана Жалал-Абад облусунда – 4 медик ооруп калган.

“Ал эми бир суткада стационардан 1, үй карантининен 3 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 миң 415 учур катталды, алардын ичинен 3 миң 85 медкызматкер айыгып чыкты”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 11-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан 306 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 49 миң 230ду түзөт. Алардын ичинен 44 миң 395 адам айыгып чыкты, 1 миң 85 адам каза болду.