Бүгүн дагы 306 адамдан COVID-19 жаңы аныкталды. Жалпы 49 миң 230 учур

16
Miniature people doctors with protective suit prevention of pandemic Covid-19 and Coronavirus, surgical mask with Covid-19 text written on it with stethoscope, dramatic toned

Кыргызстанда 11-октябрь саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 306 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Штабдын билдирүүсүнө караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 49 миң 230 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек – 53
  • Ош – 54
  • Чүй облусу – 20
  • Ош облусу – 52
  • Талас облусу – 2
  • Нарын облусу – 9
  • Ысык-Көл облусу – 12
  • Жалал-Абад облусу – 63
  • Баткен облусу – 41