Өкмөттүн түзүмү жана курамы өзгөрбөйт – Садыр Жапаров

81

Өкмөттүн түзүмү жана курамы өзгөрбөйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаров билдирди.

“Учурдагы кырдаалга байланыштуу эч кандай өзгөрүүлөр болбойт. Өкмөттүн түзүмү жана курамы өзгөрбөйт. Убактылуу ушул бойдон калат, алдыда сөзсүз түрдө өзгөртөбүз”, – деди Жапаров.

Ал кошумчалагандай, коалиция өкмөттүн программасын 6-октябрда бекиткен.