Темир Сариевге каршы кара пиар күчөдү. Сыры эмнеде?

1413

“Социалдык тармактарга ар-кандай суу кечпеген ушактар тарап жатат. Анда менин үйүмдөн алтын табылыптыр деген маалымат чынлыкка дал келбейт” деп билдирди Сариев.

Анын айтымында азыр ар-кандай жалган маалыматтарды таратып, провокациялык жол менен элди бири-бирине тукуруп атышы мүмкүн. Андыктан күч органдары мындай маалыматтардын алдын алышы абзел экенин кошумчалады.

“Өлкөдөгү кырдаал бир топ татаал. Тез арада укуктук талаага кирип, мыйзам чегинде иш алып барышыбыз керек. Мындан тышкары, социалдык тармактардагы кее бир кучтор атайын адамдарды бири-бирине каршы ойноо менен алектенишип атат. Бул кабыл алынгыс. Алар менден алтын табылды деп жазып чыгышты. Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Бул жасалма! Менде бир дагы грамм алтын жок дана болгон эмес. Эстүүлүккө келип, жалган маалыматтарды таратууну токтотууну суранам.” – дейт Темир Сариев.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда “Атамбаев менен Сариев улут аралык кастыкты козутуп, бүлүк салганы жатат” деген сыяктуу дагы бир жалган маалымат тарап жатат. Кара кылды как жарган калкыбыз кимдин ким экенин көрүп билди. Айрым топтор чыныгы элдик саясатчыларга каршы кара пиарларды кызуу баштаганы байкалууда. Андыктан ар-кандай жалган маалыматтарга, провокациялык чакырыктарга алдырбай, туура багытты тандап алалы.

ЧЫНДЫК