Президент арызын жазып, кызматтан кетем деди – Жапаров

70

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүүдө. Анда премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаров президент Сооронбай Жээнбеков тууралуу билдирүү жасады.

“Сооронбай Шарипович менен жана бир жерден жолуктум. Сиздер (ред.: депутаттар) өкмөттүн түзүмүн жана курамын бекитип берсеңиздер, ал арызын жазып, кызматтан кетем деди”, – дейт Жапаров.