Кыргызстанда сутка ичинде 130 адам коронавирустан айыкты

22

Кыргызстанда сутка ичинде 130 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 16, Ош шаарында – 13, Чүй облусунда – 12, Ош облусунда – 31,Нарын облусунда – 14, Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 28, Баткен облусунда – 10 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 44 миң 227 адамга жетти.