Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду премьер-министр кызматына бекитти

158

Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду премьер-министр кызматына бекитти. Ошондой эле депутаттар өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын жактырды.

Садыр Жапаров вице-премьер-министр милдетин аткаруучу Эркин Асрандиев ээлеген кызматынан кеткенин белгиледи. Жаңы өкмөттүн курамына ички иштер министри болуп иштеген Кашкар Жунушалиев кирбейт.

Эскерте кетсек, парламенттин чукул жыйыны ” Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат.