БШК 12 партиянын дооматы боюнча Башкы прокуратурага кайрылды

49

4-октябрдагы шайлоодо «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партиялары тарабынан мыйзам бузуулар болгонун белгилеп, 7-октябрда 12 саясий партия Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылган.

БШК 9-октябрда бул дооматтарга укуктук баа берүүнү өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылды.

«Бир Бол», «Чоң Казат», «Республика», «Мекенчил», «Реформа», «Ыйман Нуру», «Ата Мекен», «Мекен Ынтымагы», «Бүтүн Кыргызстан», «Ордо», «Ооган согушунун ардагерлери», «Социал Демократтар» партиялары Боршайкомго кайрылып, 4-октябрдагы добуш берүүдө мыйзам бузганы үчүн «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партияларынын талапкерлерин каттоодон алууну, 4-октябрдагы шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну жана кайрадан парламенттик шайлоо өткөрүү талабын коюшкан.

БШКнын маалыматына караганда, 12 партиянын арызында аталган үч партия административдик кысым, добуштарды сатып алуу, добуш берүүнүн купуялуулугун бузуу, шайлоочуларды коркутуу өңдүү мыйзам бузууларга барышканы жазылган.

БШК арыз ээлери болгон 12 партияга 4-октябрдагы шайлоодо болгон мыйзам бузуулар катталган сүрөт-видео жана башка далил материалдарды Башкы прокуратурага жана Ички иштер министрлигине өткөрүп берүүнү сунуштады.

БШКнын дарегине 4-октябрдагы шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча жүздөй даттануу келип түшкөнү кабарланган. 4-октябрда парламенттик шайлоого добуш берүү учурунда 25 мыйзам бузуу фактысы катталганын Башкы прокуратура да кабарлаган. Ага ылайык, добуш берүү күнү 25 факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Алардын 18 учуру Жазык кодексине, калганы Жоруктар кодексине тиешелүү иш катары катталды. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, жалпы шайлоо өнөктүгүндө 138 арыз Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Баштапкы маалыматтар боюнча 4-октябрдагы шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өткөнү кабарланган соң, калган партиялар нааразылык билдирип, митингге чыгышкан.

5-октябрда шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын өкүлдөрүнүн митинги башаламандык менен аяктап, президенттик администрация жана башка мамлекеттик органдардын имараттарын ээлеп алышкан.

Бул окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Учурда мыйзам алкагына кайтып келүү максатындагы аракеттер жыйынтык бере элек. Өлкө 6-октябрдан бери саясий кризисте.