Аида Касымалиева өкмөт башчы кызматына башка талапкерди көрсөтүүнү сунуштады

34

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева көпчүлүк коалициясына өкмөт башчы кызматына башка талапкерди көрсөтүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал фейсбуктагы баракчасына жазган.

“Үч күн мурда өкмөт башчы кызматына Садыр Жапаровдун талапкерлигин мени менен бирге колдогон коалициялык көпчүлүктүн депутаттарына кайрылам. Ал кадамга өлкөдө тынчтык, тартип, туруктуулукту камсыз кылуу ою менен барганбыз. Биз Садыр Жапаров парламенттеги жана анын тышындагы ар кайсы саясий күчтөрдү бириктирген адам, оппозиция менен бийликтин ортосунда көпүрө болот жана пикир келишпестиктерден чыгуу жолун табууга жардам берип, жаңы парламенттик шайлоону тынч өткөрүүгө шарт түзө алат деп ишенгенбиз. Тилекке каршы акыркы күндөгү окуялар көрсөткөндөй азыркы түзүлгөн кырдаалда коомдун басымдуу бөлүгү аны кабыл албай, өлкөнү бириктирүүнүн ордуна, биз пикир келишпестикти күчөтүп алабыз”, – деп жазат ал.

Ал жазгандай, анын шайланышы коомдо ичиндеги толкундоолорго алып келиши мүмкүн.

“Биз андай тобокелчиликке бара албайбыз. Ошондуктан Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициясына мурунку чечимин кайра карап чыгып, өкмөт башчы кызматына башка жаңы талапкерди көрсөтүүнү сунуштайм”, – деп жазган ал.