Экс-депутат Салянова өкмөттү толук укуктуу президент гана кызматтан кетире аларын билдирди

849

Мурдагы башкы прокурор, мурдагы юстиция министри жана Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты Аида Салянова Кыргызстанда түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун мыйзамдуу жолдору тууралуу пикирин билдирди.

Салянова 28-октябрда парламенттин алтынчы чакырылышынын, аны менен кошо президенттин милдетин аткара турган спикердин да мөөнөтү бүтө турганын эске салды.

Мурдагы башкы прокурордун айтымында, эгерде 28-октябрга чейин премьер-министр мыйзамдуу тартипте шайланып, спикерден президенттин милдетин аткаруучулук статусун өткөрүп албаса, мамлекет президент тургай, президенттин милдетин аткаруучусу жок калат. Азыр Жээнбековдун арызы же импичмент аркылуу гана укуктук талаага түшүүгө болот.

Салянова ошол эле учурда азыркы парламенттин мөөнөтүнүн бүтөрүнө 19 эле күн калгандыктан, импичмент жолу өтө күмөндүү деген ойдо.

«Шаша-буша кабыл алынган чечим ынанымдуу болбойт. Импичмент көп баскычтуу процедура. Жаңы премьер-министрди бекитүүдөн мурун мурдагы өкмөттү кетириш керек. Конституция боюнча өкмөттү милдетин аткаруучу эмес, толук укуктуу президент гана кызматтан кетире алат. Демек, импичментпи же арыз аркылуубу кете турган президент өкмөттү кызматтан кетириши абзел. Муну бийликке келем дегендер эстен чыгарбашы керек. Жээнбеков арыз жазбай турган болсо, импичмент да жарыяланбаса, иштеп жаткан укуктук жагдайлар түгөнөт. Анда жалпы коом тааный турган жаңы эрежелер кабыл алынмайынча өлкө туңгуюкка кептелет».

Аида Салянованын билдирүүсү боюнча, негизи эле азыр иштеп жаткан мыйзамдар менен абалды турукташтыруу кыйын. Анткени мыйзамдар төңкөрүш же революция болуп кетсе деп жазылбайт. Тескерисинче, мыйзамдар мындай кырдаалды болтурбоого багытталат жана туруктуулукка негизделет.

Ал бүгүн эң биринчи маселе кызмат орундары эмес, укуктук талаа экенин, болбосо кызмат орундарынын баары легитимсиз болуп кала турганын кошумчалады.

“Мекенчил” партиясынан депутаттыкка талапкер болгон мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаев Кыргызстанда азыр бирден-бир легитимдүү орган парламент экенин, көпчүлүк депутаттар Садыр Жапаровду элдик талапкер катары өкмөт башчылыкка бекиткени легитимдүү деген оюн билдирди.

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына байланыштуу чыккан нааразылык акциялары массалык тополоң менен коштолуп, абал курчуп кеткен. 6-октябрга караган түнү митингчилер президенттик администрация менен парламенттин имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон.

Бул окуяларга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарган. Өлкөдө азыр коомдук-саясий кризис өкүм сүрүп жатат.