Сутка ичинде 15 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

69

Сутка ичинде өлкө боюнча 15 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында бир, Баткен облусунда 5, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 3 медик илдетке кабылды.

“Ал эми бир суткада үй карантининен 3 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3379 учур катталды, алардын ичинен 3075 медкызматкер айыгып чыкты”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 9-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 275 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 48 миң 617ни түзөт. Алардын ичинен 44 миң 97 киши айыгып чыкты, 1 миң 77 адам каза болду.