Сузакта 8-октябрда атышуу болду

60

Сузак районунда түшкү саат 15:00 чамасында жергиликтүү тургун өзүнүн «Лексус 470» маркалуу автоунаасында достору менен баратканда бул райондун Достук (Серный) айылынын чыга беришинен карама-каршы багытта келе жаткан «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу токтоткон. Алар жерге түшкөн учурда «Мерседес-Бенц» автоунаасынан А.Н. колундагы белгисиз куралдан ок аткан.

Маалыматты «Азаттыкка» Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы ырастады. Натыйжада окуядан бир адам жарадар болуп, Сузак райондук ооруканасынан биринчи медициналык жардам алган.

Окуя болгон жерге Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу жана жетекчилиги барган. Кароо жүргүзүлүп, схемасы чийилип, сүрөт картасы чийилип, белгисиз ок атуучу куралдын үч даана огу, тогуз даана атылган октун гильзасы алынган.

М.М.га тиешелүү болгон автоунаа Сузак РИИБдин имаратынын короосуна киргизилген.

Аталган окуя боюнча топтолгон материалдар 2020-жылдын 8-октябрында Сузак РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 266-беренеси («Ээнбаштык») менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Азыркы учурда аталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.