БШКнын мүчөсү кайра шайлоо бир ай ичинде жарыяланарын билдирди

47

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды кайра шайлоо мөөнөтүн бир ай ичинде белгилейт. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди.

Анын айтуусунда кайра шайлоого 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга себепкер болгон партиялар катыштырылбайт:

“Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга кайсы партиялар себепкер болгону БШК тарабынан иликтенет. Ыктыярчылар менен чогуу соцтармактарга жарыяланган шайлоо күнү болгон бардык мыйзам бузуулар тууралуу фактыларды чогулттук. Андан тышкары БШКга түшкөн арыздар бар. ИИМге, Башкы прокуратурага түшкөн даттануулар бар. Ошолордун ар бири каралышы керек. Карап, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга себепкер болгон партияларды аныктайбыз. Бул партияларга шайлоо күрөөсү да кайтарылып берилбейт”.

4-октябрда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышындагы депутаттарды шайлоо өткөн. Алдын ала жыйынтык боюнча шайлоого катышкан 16 партиянын ичинен добуштардын көпчүлүгүн “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” партиялары алган. Булардан тышкары 7% босогону “Кыргызстан”, “Бүтүн Кыргызстан” партиялары басып өткөн.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон башка партиялар 5-октябрда Бишкекте мөөнөтсүз митингге чыгып, ал башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик администрациянын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон. Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды бийликти басып алуу аракети катары баалаган.

Жээнбековдун Бишкекте экени айтылганы менен учурда ал эл алдына чыга элек. Өлкөдө азыр саясий кризис өкүм сүрүп турат.