Товарларды бажылык декларациялоо жүргүзүү убактылуу токтотулду

49

Товарларды бажылык декларациялоо жүргүзүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу КР Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн финансылык-банктык секторунун коопсуздугун жана финансылык-насыялык уюмдардын активдеринин сактыгын камсыз кылуу максатында коммерциялык банктар жана банктык эмес финансылык-насыялык уюмдар өз ишин токтотуп, өлкөдөгү саясий абал турукташканга чейин коопсуздук чараларын күчөтүү сунушталган.

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пунктунан тартып бажылык тариздөө жайына чейин бажы транзити, бажы жол-жобосуна жайгаштырылган бажы операциялары, бажы иши жаатындагы Кыргыз Республикасынын жана Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарынын талаптарына ылайык, мурдагы режимде ишке ашырылат”, – деп айтылат маалыматта.