Путин Кыргызстандагы абалды тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды

82

«Жакында эле Кыргызстанда парламенттик шайлоо болуп өттү. Бул шайлоо демократиялуу өткөнүн жалаң эле эл аралык байкоочулар эмес, Жамааттык Кызматташтык боюнча Келишим Уюмунун (ЖККУ) өкүлдөрү да билдиришкен. Бул өлкөдө азыр болуп жаткандар бизди кайдыгер калтырбайт. Баары тынчтык жолу менен чечилет деген ишенимдемин, өлкөдө демократия орноп, саясий маселенин баары ачык тез арада чечилишине тилектешмин», – деди ал.

Путин Кыргызстандагы бардык тараптар менен байланышта экенин да кошумчалап: «Биз Кыргызстанга насыя каражаттарын берип, чоң жардам кылып келебиз. Евразия Экономикалык Биримдигине кирүүсүн шарттап, бажы, фитосанитардык көзөмөл боюнча бир топ маселелерди чечтик. Биз Кыргызстан бул уюмдун тең укуктуу мүчөсү болушу үчүн керектүү каражатты берип жатабыз», – деп билдирди.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттин VII чакырылышына шайлоо болуп, анын тыянагына нааразылык эртеси башталып, Бишкекте массалык митингдер болгон. Милиция менен митингчилердин кагылышуусунан жүздөгөн адамдар жарадар болуп, бир киши каза тапты. Митингдер 7-октябрда да уланууда.