Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев жумуш ордуна кайтып келди

116

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев жумуш ордуна кайтып келди. Бул тууралуу маалымат түштүк борбордун муниципалитетинен тастыкталды.

Шаар мэри журналисттерге элдин жыргалчылыгы үчүн жана шаардыктардын өтүнүчү менен иштегиси келгенин айтты. Ал белгилегендей, азыркы учурда башкы маселе тартипти жана туруктуулукту сактоо.

Таалайбек Сарыбашев шаардык кеңештин депутаттарынын чечимин сессияга чакырылбагандыгын белгилеп, аны мыйзамсыз деп атады.

Эске сала кетсек, бүгүн, 7-октябрда Ош шаарында тургундар Таалайбек Сарыбашевди шаардын мэри кылып калыбына келтирүү талабы менен митингге чыгышты.

Түштүк борбордун депутаттары алдында шаар мэри Таалайбек Сарыбашевдин кызматтан кетишине добуш беришкен. Чечимди учурдагы бардык эл өкүлдөрү бир добуштан кабыл алышты.