ФОТО – Митингчилер Ак үйдө президенттин иш бөлмөсүнө чейин кирип кетишти

284

6-октябрга караган түнү Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чогулган митингчилер Кыргызстандын президенти жана парламенти отурган Ак Үйдүн жетинчи кабатына жетип, президенттин иш бөлмөсүнө чейин кирип кетишти. Бул тууралуу окуянын жеринен “Азаттыктын” кабарчысы кабарлады. Учурда Ак үйдө “Ордо” партиясынын лидери Мирбек Мияров баштаган топ кишилер жүрөт. Алар президентин илинген сүрөтүн дубалдан алып, иш бөлмөнү ээлеп отурушат.

“Азаттыктын” кабарчысынын айтымында, митингчилер Өрт өчүрүүчү унаа менен Ак үйдүн короосуна кирип барышты. Алгач Ак үйдүн имаратынын ичинен күч органдарынын кызматкерлери коргонууга аракет кылды. Бирок экинчи жолку аракет кылууда митингчилер имрааттын ичине кирип кетишти. Аларга каршы күч органдары эч кандай каршылык көрсөткөн жок. Учурда митингчилер Ак үйдүн ичинде турат. Президент Сооронбай Жээнбековдун кайда экени белгисиз. Кыргызстандан расмий бийлиги эч кандай комментарий бере элек.

Бүгүн Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлери акцияга чыгышкан. Кечке жуук милиция акциянын катышуучуларын күч менен таратып, ортодо кагылыш чыкты. Баш калаанын борбордук бөлүгүндө кагылыштар түнү бою уланып жатты.

5-октябрда Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлери нааразлык акциясына чыгышкан. Кечке жуук милиция акциянын катышуучуларын күч менен таратып, ортодо кагылыш болгон. Баш калаанын борбордук бөлүгүндө кагылыштар түнү бою уланды.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бүгүнкү окуялардан 120дан ашык ар түрдүү жараат алып, ооруканага түшкөнүн маалымдады.