Кыргызстанда сутка ичинде 103 адам коронавирустан айыкты

40

Кыргызстанда сутка ичинде 103 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 6, Ош шаарында – 23, Чүй облусунда – 7, Ош облусунда – 36, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 8, Баткен облусунда – 13 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 43 миң 521ге жетти.