Темир Сариев добуш берди

216

“Ак Шумкар” саясий партиясынын төрагасы, экс-премьер-министр Темир Сариев бүгүн, 4-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берди.

Темир Сариев өзүнүн жарандык милдетин Бишкек шаарындагы Бишкек Гуманитардык университетинде жайгашкан № 1046 шайлоо участогунда аткарды.