Шайлоо-2020. Саат 12:00гө карата 624 миң 598 шайлоочу добуш берди

33

Саат 12:00гө карата Кыргызстанда жана чет мамлекеттерде 624 миң 598 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, добуш берген жарандар жалпы шайлоочулардын 17,73%ын түзөт.

“Бишкек – 84 миң 106, Ош шаарында – 37 миң 860, Жалал-Абад облусунда – 125 миң 225, Ысык-Көл облусунда – 47 миң 971, Нарын облусунда – 32 миң 260, Ош облусунда – 120 миң 423, Баткен облусунда – 49 миң 609, Талас облусунда – 28 миң 130, Чүй облусунда – 99 миң 13 шайлоочу добуш беришти”, – деди ал.