Шайлоо-2020: Добуш берүүдөгү мыйзам бузуулар тууралуу видеотасмалар тарап жатат

142

Ош шаарындагы №5115 шайлоо участогунда шайлоочу бюллетенди сүрөткө тарткан. Анда “Биримдик” партиясына добуш бергенин көрүүгө болот. Ошондой эле шаардагы №5314 шайлоо участогунда Улан аттуу адам добуш берүүгө кирип чыккан адамдарды сурап, добуш бергендерге акча берип жатканы видео тасмага түшүп калган.

“Фейсбукта” “Мекеним Кыргызстан” партиясына берген добушун телефонуна тартып алган шайлоочу кызды башка партиялардын байкоочулары кармап алып, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү менен чогуу акт түзүүнү талап кылып жатышканы тууралуу да видео тасма тарады. Тасманы “Ата Мекен” партиясынын талапкери Сейтек Качкынбай бөлүштү.

“Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова бөлүшкөн видеотасмада “Коронавирусту токтот” деген жазуусу бар беткаптар менен бирге 2 миң сомдон акча берилип жатканы тууралуу айтылган. Тасмадагы адам мунун артында “Биримдик” партиясы турат деп ырастаганын угууга болот.

Каракол шаарында айрым участоктордо добуш берип чыккан адамдарга белгисиз автоунаанын ичинде тизме менен акча таратылып жатканы тууралуу тасма да социалдык тармактарга жарыяланды.

Ушундай эле доомат арыздар бүгүн, 4-октябрь күнү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө түшүп жатканын БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров журналисттерге билдирди. Ал мындай мыйзам бузуулар күч кызматтары менен чогуу иликтенип, тиешелүү адамдар жоопкерчиликке тартыларын айтты.

Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жүрүп жатат. Ага 16 саясий партия ат салышууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, шайлоодо добуш берүү үчүн Кыргызстанда 2430 тилке уюштурулган. Андан тышкары дүйнөнүн 28 өлкөсүндө 45 шайлоо участогу даярдалды. Ошондой эле Ош шаарында 10 жана Москва шаарында бир шайлоо участогу кошумча ачылган.

Добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны – 3 523 554. Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт.