Сутка ичинде өлкө боюнча 14 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

15

Сутка ичинде өлкө боюнча 14 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте 2, Ошто 3, Жалал-Абадда 2, Баткенде 7 медик ооруп калды.

“Ал эми бир суткада ооруканалардан 3 медкызматкер жана үй карантининен 8 медкызматкер айыгып чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3318 учур катталды, алардын ичинен 3049 медкызматкер айыгып чыкты”, – деди министр.

Белгилей кетсек, 4-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 244 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 47 миң 428ди түзөт. Алардын ичинен 43 миң 418 киши айыгып чыкты, 1 миң 66 адам каза болду.