Саат 14:00гө карата дээрлик 1 миллионго жакын шайлоочу добуш берди

138

Саат 14:00гө карата Кыргызстанда жана чет мамлекеттерде 990 миң 492 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, саат 14:00гө карата добуш берген жарандар жалпы шайлоочулардын 28,11%ын түзөт.

“Бишкекте 136 миң 804, Ош шаарында – 63 миң 415, Жалал-Абад облусунда – 194 миң 447, Ысык-Көл облусунда 74 миң 5, Нарын облусунда – 51 миң 77, Ош облусунда – 194 миң 210, Баткен облусунда – 75 миң 82, Талас облусунда – 44 миң 486, Чүй 156 миң 966 шайлоочу добуш беришти”, – деди ал.