Режеп Тайып Эрдоган, Түркиянын президенти: “Армения “Токтоосуз түрдө” Тоолуу Карабактан чыгып кетиши керек”

60

Өткөн жекшемби күнү, 27-сентябрда таңга маал, Азербайжан менен Армениянын ортосунда Тоолуу Карабак автономиялуу облусу боюнча жаңжал кайра тутанды. Баку менен Ереван 1990-жылдагы Тоолуу Карабак чатагынан бери касташып келүүдө. Армения колдогон жикчилдер 1990-жылдардын башында Азербайжандын негизинен армян улутундагылар байырлаган бул аймагын ээлеп алган. 30 миңдей кишинин өмүрүн алган бул чатакты жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракеттерден азырынча майнап чыга элек.

Бул ирет кайсы тарап биринчи болуп ок чыгаргандыгы белгисиз жана бири-бирин айыпташууда. Ереван Бакуну «Тоолуу Карабакка кол салды» деп айыптады жана өз өлкөсүндө аскердик абал жарыялап, жалпы мобилизациялоо баштады. Азербайжан болсо «Армения биринчи чабуул койду» деп айтып, «Тоолуу Карабактагы жети азери айылын бошотконун» билдирген. Азербайжан да аскердик абал жарыялады. Демек, эки мамлекет тең толук согуштук абалга жетип калды. Эки өлкөдө тең аскердик абал жарыяланып, мобилизация башталды. Армениянын өкмөтү өлкөдөн 18 жаштан 55 жашка чейинки эркектердин чыгуусуна чектөө киргизди.

Ал арада Карабак чатагы боюнча БУУ, Россия жана башка калыс уюмдар менен өлкөлөр эки тарапты тез арада ок атышууну токтотуп, жарашууга үндөшсө, айрым боордош өлкөлөр бир тараптын таламын талашышууда.

Мисалы, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Армениядан «Азербайжандын оккупациялап алган жерлеринен токтоосуз түрдө чыгып кетүүнү» талап кылды.

«Армениянын Тоолуу Карабакты оккупациялап алышы менен башталган аймактагы кризисти токтотууга убакыт келди. Азербайжандын чыдамы түгөндү, Баку өз күчү менен армян оккупациясына чекит коюуда», – деди Эрдоган.

Азербайжан сириялык жалданма аскерлерди тартуудабы?

Өз кезегинде Армениянын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Анкараны «Азербайжан менен куралдуу кагылышта жалданма аскерлерди тартып жатат» деп айыптады.

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев журналисттердин Тоолуу Карабак фронтунда сириялык согушкерлер барбы же жокпу деген суроосуна, “Жок, бул жалган маалымат. Бул согушта Сириянын согушкерлери жок, буга байланыштуу бир дагы документ жок. Ар кандай сайттар жана маалымат каражаттары аркылуу жарыяланып жаткан бул жаңылыктар Армения тараптан жасалып жатат жана фейк маалымат болуп саналат”,- деп жооп берди.

Ошондой эле, ал “Мунун эч кандай зарылдыгы жок (сириялык күчтөрдүн катышуусу). Азербайжандын машыккан армиясы, өтө чоң аскердик мобилизациялык резерви бар. Биз он миңдеген резервдик күчтөрдү чакырып, 10 миллион адам менен Армениянын 2 миллион калкына каршы тура алабыз”,-деп баса белгиледи.

БУУнун ортомчулугу натыйжа бере элек

Аймактагы абалды тынчтык жол менен чечүүдөгү ортомчу өлкөлөр, анын ичинде АКШ менен Орусия тараптарды атышууну токтотууга чакырышты. Ушундай эле чакырык менен Бакуга жана Ереванга Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш да кайрылды.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши Тоолуу Карабактагы согуштук аракеттерди тезинен токтотууга жана маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырды.

Эл аралык коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабак аймагынын аскер жетекчилери кагылышуунун экинчи күнүндө дагы 15 жоокер мерт болгонун кабарлашты. Алар атышуунун биринчи күнүндө 16 аскер окко учканын маалымдашкан. Ошентип расмий маалымат боюнча Карабактын 31 жоокери жана эки тургун мерт болду.

Жоготуу кайсы тарапта көп болууда?

Аймактын Коргоо министрлиги «контрчабуулдан улам душман оор жоготууга учурады, армия буга чейин колдон алдырган позицияларын кайтарып алды, Азербайжан 200 аскерин жоготту»,- деп билдирүү таратты.

Азербайжандын Коргоо министрлиги Армениянын 550дөн көп аскери окко учканын кабарлаган. Бирок Ереван мындай маалыматты жокко чыгарган. Азербайжан жайкын тургундар, жоокерлер да окко учканын бышыктаганы менен алардын санын тактаган эмес.

1-октябрда Азербайжандын коргоо министрлиги Тоолуу Карабактагы жаңжал башталгандан бери Армениянын 2300дөй аскери набыт болуп, жаракат алганын билдирди.

Азербайжандын коргоо министрлиги 27-сентябрда Тоолуу Карабакта башталган кагылышууларда Армениянын 130дай танкы жана башка брондолгон техникасы, 200дөн ашуун артиллериялык жана ракеталык системасы, болжол менен 25тей абадан коргонуучу системасы, 6 командалык жана көзөмөлдөөчү пункту, 5 курал-жарак сактоочу кампасы, 50гө жакын танкка каршы унаа жана 55 унаа жок кылынганын билдирди.

Министрликтин маалыматында кагылышуунун натыйжасында аймактын инфраструктурасы бузулганы, бирок азербайжан тараптын кол салуулары карапайым адамдарга зыян келтирбегендиги айтылат. “АL-Jаzеега” телеканалы маалымдагандай, Орусия, АКШ, Бириккен Улуттар Уюму жана башка өлкөлөрдүн эки өлкөнүн ортосунда тынчтык жана стабилдүүлүк орнотуу боюнча өтүнүчтөрүнө карабастан, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Орусиянын мамлекеттик телеканалына берген маегинде, армян тарап менен ар кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн ачык эле четке какты.

Буга чейин Армениянын коргоо министрлигинин өкүлү Арцрун Ованнисян Азербайжандын куралдуу күчтөрү Арцахта ири масштабдагы чабуул баштаганын билдирген. “Душман Аракс өрөөнүндө жана Матагис-Талиш районунда жаңы ири масштабдуу чабуул баштады”,- деди ал.

Ованнисян белгилегендей, Армения чабуулду ийгиликтүү кайтарып, душмандын айрым техникаларын жана тирүү күчтөрүн жок кыла алды. Анын маалыматына караганда, Азербайжан 22 танк, 10 брондолгон техника жана 370тен ашуун аскер кызматкерин жоготту. Өз кезегинде, Азербайжандын коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Вагиф Даргяхлы Тоолуу Карабахта аскердик учактын атып түшүрүлгөндүгү жана тирүү күчтөрдүн арасындагы жоготуулар болгондугу жөнүндө маалыматты четке какты. Анын айтымында, Азербайжандын бардык аскердик авиациясы катарда жана иштөө абалында турат. Алдыңкы күнү Таанылбаган Тоолуу Карабах Республикасынын президентинин басма сөз катчысы Ваграм Погосян Азербайжандын аба күчтөрүнүн учагы Мартуни шаарынын аймагында атып түшүрүлгөнүн айткан.

Россия Арменияга курал берүүдөбү?

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян аскердик жардам алуу тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшкөндүгү тууралууда маалыматтар айтылууда. Пашиняндын айтымында, Москва бул жаңжалда бейтарап позицияны карманууда. Пашинян, армян тарап азырынча өлкөдөгү №102-орус аскер базасын колдонууга муктаж эмес экенин да белгилеген.

Ал тургай тараптарга жашыруун түрдө чет жактан жалданма аскерлер, курал-жарактар берилип жаткандыгы да айтылууда. Ереван Түркияга таандык  F 16 учагы Армениянын Су 25 согуштук учагын атып түшүргөнүн билдирди.

Ошол эле маалда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму (ЖККУ) боюнча Армения менен өнөктөш болгон Орусия Түркияга кайрылып, Бакуну ачык колдоодон карманууга жана маселени дипломатиялык жол менен чечүүгө көмөктөшүүгө чакырды.

Тоолуу Карабактагы согуш бүткүл Кавказ аймагын киризиске туш кылат

Кавказ аймагы боюнча эксперт Петре Мамрадзенин пикиринде, бул жаңжал бүтүндөй аймакка терс таасирин тийгизиши мүмкүн:

“Тоолуу Карабахта ачылган кырдаал 1994-жылы согуш аяктагандан кийин эң олуттуунун бири болуп калды. Бүгүн Ереван менен Бакунун ортосунда болуп жаткан аскердик кризис оң натыйжаларга алып келбейт. ЖМКлардын ар кандай билдирүүлөрүнө караганда, эки тарапта тең ири жоготуулар катталып жатат, бирок менин оюмча, эки тарап тең колдонуп жаткан дезинформацияны же маалыматтык согуш режимин унутпаш керек”.

Анын айтымында, бүгүн бүткүл дүйнөлүк коомчулук Ереван менен Бакуну сүйлөшүү үстөлүнө отурууга чакырып жатат, бирок, тилекке каршы, бул азырынча эч кандай натыйжа бере элек. Эгерде мындай курч кырдаал улана берсе, анда ал бир гана эки республиканын эмес, Түштүк Кавказдын бүт аймагынын экономикалык потенциалына таасирин тийгизет. “Ушул тарыхый учурда эки тарап тең туюк жагдайга кептелди деп ойлойм. Менин оюмча, Грузия өкмөтү Москва, Вашингтон же Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн туруктуу жардамына таянуунун ордуна, эки тарапты тең сүйлөшүү үстөлүнө чакырып, Ереван менен Бакунун ортосунда башкалардан бөлөкчө көпүрө болушу керек”,- деди Петре Мамрадзе.

К.Жолдошов

Булак: “Жаңы Ордо”