Парламенттик шайлоо. Шайлоочулардын дээрлик 37%ы добуш берди

72

Бүгүнкү парламенттик шайлоодо саат 16:00гө карата Кыргызстанда 1 млн 296 миң 978 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, саат 16:00гө карата добуш берген жарандар жалпы шайлоочулардын 36,81%ын түзөт.

“Бишкек 181 миң 90 шайлоочу, Ош шаарында – 81 миң 95, Жалал-Абад облусунда – 250 миң 40, Ысык-Көл облусунда – 95 миң 955, Нарын облусунда – 66 миң 231, Ош облусунда – 252 миң 903, Баткен облусунда – 94 миң 692, Талас облусунда – 57 миң 3, Чүй облусунда 212 миң 686 шайлоочу добуш беришти”, – деди ал.