Видео – Оппозиция 5-октябрда элди митингге чыгууга чакырды

1369

4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышкан «Ата Мекен» жана «Республика» партияларынын талапкерлери дүйшөмбү, түнкү бирде орток басма сөз жыйынын өткөрүштү. Алар 5-октябрда кыргызстандыктарды Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын алдына саат 14.00гө тынчтык акциясына чакырышты.

«Олигархиялык топтордун, криминалдардын, уурулардын парламентке келишине жол бербешибиз керек. Ошондуктан ушул шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча эртең бүтүндөй кыргызстандыктарды чакырабыз», – деди «Ата Мекендин» тизме башындагы талапкери Жанарбек Акаев.

«Уурдалган арам акчаны эл арасына бүлүк салып жумшагандарды эртең БШКга далилдеп бергибиз керек. Ошондуктан эртең Кыргызстандагы Опера жана балет театрынын астына чакырабыз», -деди «Республиканы» баштаган Мирлан Жээнчороев.

«Кыргыздын тарыхындагы эң ыплас шайлоо өттү. Азыркы бийлик байлардын, базаркомдордун, криминалдын барымтасында калды. Уурулардын барымтасында калды. Мындай шайлоого биз макул болбошубуз керек», – деди Рыскелди Момбеков.

Бийлик органдары азырынча бул билдирүүлөр боюнча комментарий бере элек.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) алдын ала маалыматына караганда 4-октябрдагы шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өтүштү.

«Мекенчил» партиясында добуштардын 6,8%, «Республикада» 5,8%, «Ата Мекенде» 4,0%, «Ыйман Нурунда» 3,3%, «Бир Болдо» 3,0%, «Чоң Казатта» 2,3%, «Замандашта» 2,1%, «Социал-демократтарда» 2,1%, «Реформада» 1,6%, «Мекен Ынтымагында» 0,6%, «Ордодо» 0,2% жана «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын саясий партиясында» 0,1% бар.

Шайлоочулардын 1,8% баарына каршы добуш беришти.

Акыркы жыйынтыкты БШК бюллетендерди кол менен эсептеп бүткөндөн кийин чыгарышы керек.

“Реформа”: шайлоону тааныбайбыз, бийлик легитимсиз

4-октябрдагы шайлоого катышкандардын дагы бири, эски саясатчыларды таптакыр тазалоо, люстрация урааны менен чыккан “Реформа” шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди.

“Бийликчил партиялар жана олигархтык-бандиттик партиялардын жасаган жапырт добуш сатып алуулары, коркутуп-үркүтүүлөр менен, элдин алсыздыгын колдонуу менен, административдик ресурсту жана жарым миллионго жакын шайлоочунун форма №2 аркылуу жасалган добуш алуулары бул шайлоону эң ыплас кылды. Ошондуктан, биз, “Реформа” саясий партиясы шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз. Бул шайлоону уюштурган бийликти да легитимдүү эмес деп эсептейбиз” деп жазылат партиянын билдирүүсүндө.

Партия бул кырдаал үчүн жоопкерчилик өлкө президенти менен премьер-министринде экенин белгилеп, “келечек үчүн” күрөштү улантууга чакырат. “Биз өлкөнү кылмышкерлер жана уурулар башкарышына жол бербейбиз” деп жазылат кайрылууда.

«Замандаш» шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди

БШКнын алдын ала жыйынтыгы менен парламенттик шайлоодо жети пайыздык босогону өтө албай калган «Замандаш» партиясы добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбайт. Бул тууралуу партиянын штабында басма сөз жыйынында «Замандаштын» лидери Жеңиш Молдакматов билдирди. Анын айтымында, шайлоодо добуштарды сатып алуу массалык мүнөздө болуп, жыйынтыгы ишеним жаратпайт.

«Шайлоонун жыйынтыгын «Замандаш» партиясы тааныбайт. Парламентке административдик ресурс жана добуш сатып алган партиялар келди», – деди Молдакматов.

Ал ошондой эле парламентке өтпөй калган партиялар оппозициялык блокко биригиши керек экенин, анын курамына «Замандаш» да кирерин кошумчалады.

Партия тизмесинен ат салышкан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасы Мелис Турганбаев «таза шайлоону бийлик уюштуруп бере албаганын» белгилеп, акыркы добуш берүүнү «Кыргызстандын тарыхындагы эң ыплас шайлоо» деп атады.

«Бир Бол» шайлоо жыйынтыгын тааныбайт

«Бир Бол» партиясынын тизмесин баштап чыккан Алмамбет Шыкмаматов бул жолку парламенттик шайлоодо жалпысынан «40-50% ашык добуш уурдалганын» партиянын мүчөлөрү уюштурган басма сөз жыйынында билдирди.

Ал жалпы добуш берген 1,9 млн. кишинин басымдуу бөлүгү коркутууга кабылганын, административдик ресурс ашкере колдонулганын баса белгиледи. Бийликтин коррупция менен күрөшүү тууралуу айткандарын төгүнгө чыгарды.

«Тарыхта болуп көрбөгөн, ачыктан ачык, «билгениңерди кылгыла, эл эч нерсени чечпейт, эл мал» деген мамилени бүгүн бийлик жасады. Ошондуктан «Бир Бол» партиясы бул шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз. Бул шайлоо легитимсиз. Бул шайлоо эмес, добуштарды уурдап алуу жана бийликти менчиктештирип, узурпация кылды», – деди Шыкмаматов.