«Бүтүн Кыргызстан» биринчи. Түштүк-Сахалинде шайлоо жыйынтыкталды

631

Социалдык тармактарда №9013 шайлоо участогунун жыйынтыктоочу отчётунун сүрөтү жарыяланды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, №9013 шайлоо участогу Орусиянын Түштүк-Сахалин шаарында жайгашкан.

Түштүк-Сахалин менен Кыргызстандын ортосунда беш саат айырма бар.

Отчётко ылайык, 330 шайлоочулардын 127си «Бүтүн Кыргызстанга» добушун беришкен. Ошондой эле, «Мекенчил» — 27, «Ыйман Нуру» — 15, «Ата Мекен» жана «Чоң Казат» партияларга 14төн шайлоочу добуштарын берген. Калган партиялар төрттөн кем добуш алган.

Россия Федерациясынын Владивосток крайында жайгашкан шайлоо участогунун жыйынтыгында “Бүтүн Кыргызстан” партиясы 95 добуш менен алдыга чыккан.

Учурда Түштүк Кореяда жайгашкан шайлоо участогу да жабылды. Шайлоонун жыйынтыгында “Бүтүн Кыргызстан” партиясы 45 добуш менен алдыга чыкты.

4-октябрда Кыргызстан парламенттик шайлоо өтүп жатат. Ага 16 партия ат салышууда. Шайлоо участкалары чет мамлекеттердеги Кыргызстандын элчиликтери жана консулдуктары жайгашкан имараттарда дагы ачылган.