Президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого» кезектеги маегин берди

45

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-октябрда Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» кезектеги маегин берди, – деп кабарлайт президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Мамлекет башчысынын маегинин стенограммасы толук берилет:

— Кутмандуу күнүңүздөр менен, урматтуу угармандар. «Президент менен ачык сөз» уктуруусунун кезектеги чыгарылышы. Ишемби күнкү адаттагыдай эле Мамлекет башчысы менен суроо-жооп маегибиз сиздердин назарыңыздарда.

Саламатсызбы, Сооронбай Шарипович?

— Саламатсызбы.

— Өткөндөгү маегиңизде Россияга жана Венгрияга жасай турган сапарларыңызга байланыштуу суроолорду берип, жетиштүү жооп алганбыз. Анда угармандарга бул өлкөлөр менен болгон мамилелерибиз тууралуу, кандай натыйжалары болоорун кенен айтып бергенсиз. Сапарларыңыздын жыйынтыгы Сиз күткөндөй болдубу?

— Эки өлкөгө тең жасаган сапарларыбыз биздин өлкөгө абдан пайдалуу жана жемиштүү болду. Буйруса, анын жыйынтыктары келечекте болот.

Биринчи жумушчу сапарым Россияга болду. Россия, билесиздер, биздин эң жакын, ишенимдүү союздашыбыз жана стратегиялык өнөктөшүбуз.

Биз Россия менен бүт тармактар боюнча абдан жогорку деңгээлде, активдүү иштеп жатабыз. Россия тарабынан дагы ошондой мамиле болуп, бүт тармактар боюнча иштер активдүү жүрүп жатат. Сочиде Владимир Владимирович менен кеңири сүйлөштүк. Кызматташуунун бардык тармактары камтылды. Көп маселелер талкууланды. Биз койгон маселелердин баарын тең эле Россиянын Президенти ар дайым колдойт, колдоп келатат. Өзүнүн дагы кыргыз элине, Кыргызстан мамлекетине өзгөчө жылуу мамилеси бар. Мен 3 жылга жакын убакыттан бери жолугуп, байланышта иштеп келе жатам.

Бир дагы жолу Кыргызстан боюнча коюлган маселеге жок дей элек. Бул жолугушуу да ошондой болду. Бүт тармактар боюнча абдан жакшы, кеңири сүйлөшүү болду.

Андан ары Венгрияга расмий иш сапар менен барып келдик.

Ал жерде Премьер-министр Виктор Орбан менен, Президент менен, Улуттук жыйындын төрагасы менен жолугушуулар, сүйлөшүүлөр абдан жемиштүү болду.

Венгрия парламенттик системада иштейт. Ал жерде мамлекеттин башында Премьер-министр турат. Ал киши менен барган күнү бейформал жолугушууда 2,5 саат сүйлөштүк.

Эртеси тар жана кеңири чөйрөдө сүйлөшүүлөр абдан жемиштүү болду. Жакшы маселелер чечилди.

Булар кайсылар? Биринчиден, билим берүү тармагы боюнча биздин студенттер үчүн бюджеттик орундар 75тен 150гө чейин көбөйтүлдү.

Экинчиден, биз көптөн бери Европа жана башка ар кандай мамлекеттер менен инвестиция тартуу боюнча иш жүргүзүп жатабыз.

Азыр Венгрия менен инвестициялык фонд түзүлдү. 50 миллион доллар — бул 4 миллиард сомго жакын каражат. Биз бул каражатты эки мамлекеттин ортосунда биргелешкен ишканаларды түзүп, ошолор аркылуу экономикага каражат салып, кайра иштетүү, өнөр жай ишканаларын куруу, эң негизгиси, биздин өндүрүлгөн продукцияларды экспортко чыгаруу боюнча сүйлөштүк.

Мени кубандырганы — биздин ишкерлерге Венгрия аркылуу Европа Биримдигине кирген мамлекеттерге чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Экинчи жагынан, алдыңкы технология Европада да. Ал Венгрияда да бар. Ошол эң алдыңкы технологияларды биздин ар кандай тармактарга алып келип, иштетсек болот. Мына ушул маселе чечилди.

Үчүнчү, Венгриянын Премьер-министри Орбан өзү абдан жакшы демилге кылды. Биз эки боордош, жакын мамлекетпиз, тарых боюнча да абдан сүйлөштүк. Биз венгер туугандар менен чыныгы тууганчылыгыбызды, мындайча айтканда, бекемдеп келдик.

Ушул байланышты бекемдеш үчүн, Будапешт-Бишкек түз авиа байланышын ачуу, буйруса, чечилди.

Венгрия банкынын филиалын ачуу боюнча маселе сунушталды. Бул маселени да карайбыз деди.

Ошол жерде сүйлөшүүлөрдө эл аралык маселелер боюнча кээ бир маселелерди койдум. Орбан мырза Тышкы иштер жана соода министрлигине тапшырмаларды берди. Кыргызстандын бардык демилгелерин, эки тараптуу, көп тараптуу кызматташтыкты эл аралык аянттарда колдоо боюнча маселелерди жакшы колдоп берди.

Венгер тарап биздин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен урандын калдыктарын рекультивациялоо боюнча кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.

Мына ушундай жакшы маселелерди сүйлөштүк. Венгрия мамлекети менен эки өлкө ортосундагы абдан көп келишимдерге кол коюп келдик.

Венгрия жетекчилиги менен мен баш болгон биздин делегация тууганчылык жакын мамиледе болду, бул нерсе келечекке өз таасирин берет.

Буйруса, Венгрия аркылуу Европадан инвестиция тартканга, бүт тармактарга технологияны алып келгенге, кайрадан өндүрүлгөн продукциябызды сыртка чыгарганга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Алар да кызыкдар. Анткени, биздин жаныбызда чоң рынок бар. Кытай Республикасы бар, ЕАЭБдебиз.

Эң негизги чоң нерсе — премьер-министр Орбан менен Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол койдук.

Биздин кыргыз элинин чыгаан уулу, атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовду венгер туугандар абдан сыйлап, урматтайт экен.

Будапештте сейил бакты ачып жатканда шаардын мэри, Премьер-министр, Президент, спикер менен жолукканда дагы алар Чыңгыз Төрөкуловичтин чыгармаларын айтып жатышты.

Венгрияда мектепте, жогорку окуу жайларында атайын программалар киргизилип, чыгармаларын окуткан экен. Жакшы билишет экен. Жалпы жетекчилиги, эли аны урматтап, сыйлайт экен.

Биздин атактуу жазуучунун атын чоң сейил бакка коюшту. Биздин ал жактагы студенттер катышты. Шаардын мэри катышты, ал абдан жылуу сөздөрүн айтты. Бизге да абдан жагымдуу болду.

Чыңгыз Төрөкулович өзү азыр арабызда жок болсо дагы өзүнүн жасаган иши менен, кылган эмгеги менен кыргыз элин дагы деле колдоп атат. Мен ошого абдан кубандым.

Ошол жерде мен биз кыргыз эли өзүбүздүн «Манас» эпосубуз жана Айтматовдун чыгармалары менен дүйнөлүк маданиятка салым коштук деп айттым. Айтматовдой дүйнөлүк маданиятка салымын кошкон адамдар адамзат тарыхында эсептелүү эле.

— Сооронбай Шарипович, ошентип парламентке депутаттарды шайлоо күнүнө да келип калдык. Бүгүн үгүт иши токтоп, шайлоочулар эртең өз тандоосун жасайт. Буга чейин ар бир маегибизде шайлоо темасын козгоп келдик, Сиз өз позицияңызды ачык айтып, элге жеткирдиңиз десек болот. Бүгүн эми Сизге эркин микрофон берсек деп турам, шайлоого байланыштуу кандай ойлоруңуз болсо.

— Мен шайлоого байланыштуу мекендештериме кайрылуу жасап, негизги ойлорду айттым.

Мен, буйруса, ошол ойлорумду мекендештерим колдойт деп ишенем.

Ага чейин да «Биринчи радиого» берген интервьюларымда шайлоого көп токтолуп кеттим, анда дагы өз ойлорумду айттым. Дагы ойлорумду айта кетейин.

Биз 2010-жылдан бери парламенттик мамлекетти бекемдеген системаны куралы деп келе жаткан мамлекетпиз. Ошондон бери Жогорку Кеңешке эки жолу шайлоо өттү. Эки чакырылыш ошол парламенттик системада иштеди. Парламенттин мамлекеттин өнүгүүсүнө кандай таасири бар экени көрүндү.

Мына ошону туура түшүнүп, мен баш болуп, бүт мамлекеттик органдар, шайлоону өткөрүүгө жооптуу органдар, жергиликтүү бийлик шайлоого өзгөчө мамиле кылышты. Эң негизгиси, биз шайлоого катышып жаткан партияларга, талапкерлерге кийин элибиз барып добуш бергенге колдон келишинче шартты түздүк.

Менин аппаратымдын уюштуруу иштерине кийлигишүүсү минималдуу болду. Өкмөт өзү иш алып барып жатты.

Биздин аппарат кайсы жерде кемчилик болуп жатса, ошол жерде «кемчилик бар экен» деп айтып турду. Түздөн-түз аппарат киришкен жок.

Бирок, экинчи жагы да бар. Шайлоо учурундагы, андан кийинки өлкөдөгү кырдаалга Президент жооптуу болгон соң, аппарат ошол милдетти аткаруу максатында мыйзам алкагында өз милдетин аткарды.

Парламентте акыркы 5 жылда 6 партия отурду. Көбү көпчүлүк коалицияда болду, оппозициялык азчылыктагысы да өкмөттү түзүүгө катышты. Бардыгы тең — партиялар кадр дайындоолорго таасир этишти. Бул эми көрүнүп турду да, бардыгы тең. Азыр мына Өкмөт, министрликтерде, жергиликтүү бийликте ушул бардык партиялардын тарапташтары, ушулардын кадрлары жок эмес, бар да, дайындалды да. 5 жылда жок дегенде ар партия, ар депутат өзүнүкүн дайындаса, алар отурат да жер-жерлерде.

Бирок кечээ биз мыйзам кабыл алынгандан кийин, административдик ресурсту колдонууга чараларды көрүү боюнча мыйзам бар, ал абдан жакшы мыйзам, ошону кабыл алгандан кийин ресурс колдонуу мамлекеттик бийлик аркылуу кескин төмөндөдү, мурункудай жок. Муну массалык маалымат каражаттарынан карап жатабыз, кайсы жерде кандай кемчилик болсо, аппаратым берип жатат.

Анан статистика көрсөткөндөй, 6-чакырылыштагы депутаттардын көпчүлүгү, айрымдары мурдагы эле партиянын курамында, башкалары жаңы партиялык курамдарда кайра парламентке аттанышты.

Мына ушундай шартта тигил же бул бир партиянын административдик ресурсту колдонууда үстөмдүк кылуусу мүмкүн эмес деп айтат элем. Эми бул ачыктан-ачык көрүнүп турат, бардыгы.

Бир партиянын үстөмдүгү мүмкүн эмес. Ар кайсы облуста, шаарларда шайлоого аттанган 16 партиянын үстөмдүгү ар кыл болду.

Мына ушунусу менен келе жаткан шайлоо жыйынтыгын алдын ала так кесе болжолдош мүмкүн эмес. Албетте, фавориттер болот, бирок мүмкүн эмес, азыр шайлоо, эртең урнаны ачканда кандай болот деп.

Мына мен айтып келе жатам, атаандаштык болгондо гана өнүгүү болот. Азыр саясий атаандаштыкка колдон келишинче шарт түзүп бердик. Бул жасалды десем болот.

Буга чейин айткам, ушундай шартты экономикага дагы эркин атаандаштык болуусун түзүп бере алсак, анда бизде саясатта дагы жакшы, мыкты кадрлар келе баштайт. Экономикага атаандаштык түзүп берсек, экономикага дагы мыкты, билимдүү, тажрыйбалуу жана эң алдыңкы биздин ишкерлер чыга баштайт да.

Анан эле баары идеалдуу болуп кетти деп мен айта албайм.

Башка өнүккөн өлкөлөрдүн баскан жолу көрсөтүп тургандай, дагы деле кыйынчылыктар бар, дагы болот кыйынчылыктар. Атаандаштык, ачык коом өлкөнү алдыга сүрөйт деп мен толук ишенем. Биз ушул максатты ишке ашырып жатабыз.

Саясатта дагы, экономикада дагы атаандаштык болушу керек.

Орустар айтат го «здоровая конкуренция» деп. Мына, таза атаандаштык кылабыз.

Анан эми эң чоң маселе — мени да ойлонткон, бардык Кыргызстандын келечегин ойлогон ар бир жарандын маселеси — добуш сатуу маселеси. Эртең добуш берүү күнү, добуш сатпоого чакырат элем. Өзүнүн келечегин, балдардын келечегин, мамлекеттин келечегин ойлогон адам буга барбайт.

Добуш сатуу деген бул эмне? Бул балдардын келечегине, мамлекеттин келечегине, өз келечегине балта чабуу менен барабар. Мен айтып жүрөм, дагы айтып кетейин, ал арам каражат. Жок боло турган нерселер да баары тең.

Ал эми бул парламент 5 жыл иштейт. Бул биздин мамлекеттин өнүгүшүнө абдан чоң таасири бар да. Негизги чечимдин баары, мыйзамдар ошол жерде кабыл алынат. Бул мамлекеттин келечегинин өнүгүшүнө түздөн-түз таасир этет. Ошон үчүн дагы чакырат элем, жалпы мекендештеримди добуштарын сатпоого, өзүнүн жүрөгүнөн чыккан адамдарга, жүрөгүнөн чыккан партияга добуш берүүгө чакырам.

Мен партиялардын баарынын тең тизмесин карап, талапкерлеринин сүйлөгөндөрүн карап, дебаттарды көрдүм, партиялардын жер-жерлердеги эл менен болуп жаткан жолугушууларын көрдүм, абдан жакшы, мыкты балдар ар бир партияда бар, келатат.

Эми эртең кайсы партия өтөт? Кудай буйруса, эртең кеч жыйынтыгы чыгып калат. Аны эми Кудай билет, эл билет. Менин оюм, максатым ушундай, карап келе жатам. Ошол өтпөй калган партиялардагы мыкты балдарды дагы жумушка тартыш керек.

Айрыкча, мен партиялардын тизмесин карадым. Партиялар биринчи ондукта, анан жыйырмага чейинки тизмеде абдан мыктыларды киргизгенге аракет кылыптыр. Мына ошол балдардын ичинен дагы карап көрүп, мыктыларын биз мамлекеттик кызматтарга тартышыбыз керек.

Айрыкча, мыкты жаштар бар экен. Аны мен көрдүм. Кудай буйруса, шайлоо бүткөндөн кийин, Жогорку Кеңеш кандай куралбасын, ушул маселени коюп, ал балдарды тартыш керек. Ошол шайлоодогу ойлоруна жетем деген максаттары, мамлекет үчүн чындап кызмат кылам деп жаны менен, чын ниети менен, чын жүрөгү менен сүйлөп, иштеп жаткан балдарды мен көрүп турам. Шайлоонун жыйынтыгында утулуп калган партиялардан мыктыларды тартууга аракет кылабыз. Бул менин максатым.

— Коронавирус илдети жашообузга көп өзгөртүүлөрдү киргизип, башка өлкөлөр сыяктуу эле биз дагы ушул илдеттин шартында иштегенди, окуганды, жашаганды үйрөнө баштадык. Буга чейин 1-класстын окуучулары окуп жатса, эми 2ден 6-класска чейинки балдарыбыз мектепке бара турмак болду. Илдеттин 2толкуну болушу мүмкүн деп, даярдыктар көрүлүүдө. Коронавирус илдетинин өкүм сүрүүсү уланууда, тилекке каршы. Ушул шартта угармандарыбызга айтчу сөздөрүңүз бар деп ойлойм.

— Биз коронавирус илдети башталганда, биринчилерден болуп көңүл бурганбыз, январь айында Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, ошондон бери аракет кылып, кийин коронавирус илдети күчөй баштаганда, биз өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал режимин киргиздик. Карантинде биз 2 ай болдук. Айрыкча, биздей мамлекетке бул абдан оор болду. Эмне үчүн дегенде Кытай жабылды. Тажикстан, Өзбекстан дагы жабылды. Казакстан жабылып, биз жабылгандан кийин экономика алсырай баштады.

Биздин маселе — ошол мезгилде коронавирус илдетинен элди коргоп калыш, мындан кандай коргонуу, өзүн алып жүрүш, кандай сактаныш керек, ошого элди үйрөтүш болду. Врачтарды даярдап, үйрөтүп, 2 айды ошого кетирдик.

Экинчиси — бул элибизди азык-түлүк менен камсыз кылыш эң чоң маселе болду.

Мына 2 ай, кийинки 3 айда бюджеттен 28 млрд сом жоготтук. Бул бизге бюджеттин 15%нан жогору. Бул абдан чоң жоготуу болду. Бирок, андай кылбасак, болбойт эле. Ден соолук маселеси биринчи орунга чыккан.

Биз карантинди алып коё бергенден кийин айтып жаттык, ар ким өзү сактаныш керек деп. «Биринчи өзүңдү сактасаң, анан балаңды сактайсың, жакыныңды сактайсың. Ар ким өзүң жооптуу болсоң, өзүң сактансаң, анан тегерегиң сакталат» деп айтып жаттык, бирок кээ бир саясатчылар буга ишенбеди. Кээ бир саясатчылар «бул оору жок, калп эле Президент баш болуп, Өкмөт сырттан карызга акча алыш үчүн атайын жасап жатат, буга ишенбегиле, жок, жөн эле грипп» деп айтып жатышты.

Карапайым эл көбү ишенди ушуга. Ошонун жыйынтыгы келип туруп, бизге биринчи толкун абдан катуу болду.

Эң кыйналганыбыз — бул медиктердин жетишпегени. Күндүзгү стационарларды ачып, кийин элге жардам бере баштадык. Ыктыярчылар, дарыгерлер, сырттан жардам келди. Эми ошондой болбош үчүн, ошондой кайталанбаш үчүн азыр биз ооруканалардын жаңысын салып, эскисин оңдоп жатабыз. Матрезервге керектүү дары-дармекти сатып алып жатабыз.

Биздин медиктерибиз дагы кандай дарылай турганды үйрөнүп калды. Анан эми бир эле мамлекет, эл карайт дебеш керек. Ар адамдын жоопкерчилигин катуу коюш керек. Ар ким өзүнөн көрүш керек, баарыбыз сак болушубуз керек.

Эми биз мурункудай карантин киргизе албайбыз. Бирок биз экономикага дагы, ден соолукка дагы бирдей көңүл бурушубуз керек. Ал үчүн мен баш болуп, жөнөкөй жаранга чейин эрежени сакташ керек.

Биздин дарыгерлер айтып жатат, эрежени сакташ керектигин. Ошол эрежени сактаса эле бул ооруну жеңебиз. Муну бардыгыбыз тең бирдей күрөшүп, бирдей аракет кылсак, муну жеңебиз.

Анан бирөө той өткөрүп жатса, беш жүз кишини чакырып алып, билип туруп, түшүнүп туруп, өткөрүп жатса, бирөө элди топтоп алып жылдыктарды кылып, каза болгондорго куран окутуп жатса. Кыл, бирок эрежени сактап кыл деп айтып жатабыз.

Шайлоо деп, 400дөн — 500-1000ге чейин топтоп, партиялар үгүт ишин өткөрүптүр. Эми аларга чара көрсөң айтат да, «мына бийлик бизге кысым кылып, бут тосуп жатат» деп кыйкырып чыгышат. Жөндөн-жөн эле добуш алуу үчүн «бийлик мени кысып жатат, бийлик мени иштетпей жатат, бийлик биздин добушту алып кетип жатат» деген эле болбогон сөздөрдү айтып жатышты. Мына карасаңыз, дебаттарды, ошол 20 жылдап иштегендер бийликти шыбап жатышат. Өздөрү жүрүп, эч нерсе жасай албагандар. А берки жаңы келген балдар айтса мейли эми, бул жаңы келатат, чын жүрөктөн иштейм деп, макулбуз ага.

Анан эми Европада көбөйүп жатат, баарын көрсөтүп жатат, каерде эмне болуп жатканын ачык-айкын. Ошону көрүп туруп, биз сак болушубуз керек. Эрежени бузгандарга катуу чараларды колдонуш керек. Мен Өкмөт башчыга да айттым, бардык органдарга айтып жатам, буйруса муну колго алабыз.

Мына эми жакында мектептер иштейт, мектеп иштегенден кийин бул жерде мугалимдин гана эмес, ата-эненин дагы жоопкерчилиги болушу керек.

Эми ата катары, жаран катары түшүнүп турам. Ата-эне, мугалимдер ушул башталгыч класстардын окуучуларын окутууда көбүрөөк түйшүк тартып атышат, кыйналып атышат. Биз ошондуктан дагы 6-класска чейин балдарыбызды мектепке барсын деген өкмөттүн чечимин, сунушун колдоп бердик, туура болот деп.

Бирок, менин кооптонгонум — илдет коркунучу толук жок боло элек. Баткенде көбөйдү, кээ бир райондордо көбөйүп жатат. Ошон үчүн бул коркунуч бар. Ошондуктан балдарыбыз үчүн жоопкерчиликти бардыгыбыз тең, ата-энелер дагы, мугалимдер дагы ала турган жооптуу учур келди.

Бардыгы жоопкерчиликти алыш керек. Бардык эреже, нормаларды сактоо менен, балдарыбызга кам көрүүнү мурдагыдан дагы күчөтүүгө чакырам. Балдарыбыз бала да. Бала кээде унутуп коёт, ойнойт. Биздей жоопкерчиликтүү мамиле кыла албайт. Ошон үчүн балдарыбызга дагы эрежени үйрөтүшүбүз керек.

— Мурда да айтылган, Россия тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп келди дедиңиз, коронавирус илдетине каршы вакцина боюнча. Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушууда бул тууралуу сүйлөшүү болдубу?

— Бул боюнча дагы Владимир Владимирович Путин менен сүйлөштүк. Мен ал кишини дагы куттуктадым. Чынында, бул вакцинаны бүт дүйнө жүзү күтүп жаткан, бардык жерде кыйынчылык болуп жатат да. Ушул вакцинага баарыбыз тең чоң ишенич артып жатабыз, ушул ооруну токтотсок деген. Бул маселени сүйлөштүк. Буйруса, бул боюнча биздин тиешелүү мамлекеттик органдар иштеп жатышат. Анан өздөрү баштагандан кийин бизге дагы берүү боюнча маселе чечилди. Алар дагы эми баштап жатышат. Буйруса, алып келебиз.

— Урматтуу Сооронбай Шарипович, биздин суроолорубузга жооп бергендигиңиз үчүн рахмат. Ишиңизге ийгилик каалайбыз.

— Рахмат, Сизге да ийгиликтерди каалайм. Шайлоодо ар бирибиз татыктуу тандоо жасап, сүйүктүү Кыргызстаныбызды Кудай колдосун!