№6 “Ата Мекен” үгүт иштери боюнча алдыга эч кимди салдырган жок. Сүрөттөр

40

Бир айлык үгүт иштери соңуна чыгып калды. Саясий партиялар маалыматтык кампаниясынын жыйынтыгын чыгарып, добуш берүү күнүнө даярданып жатышат. Көз карандысыз байкоочулардын айтымында, эң масштабдуу жана эсте калган шайлоо алдындагы кампания “Ата Мекен» партиясыныкы болду.

Төрт аптанын ичинде жүздөгөн жолугушуулар, бүт өлкө боюнча он миңдеген адамдар. Бир айлык үгүт иштеринде “Ата Мекен” партиясы Кыргызстандын бардык облустарын түрө кыдырды. Ар бир аймакта талапкерлерди жылуу кабыл алышып, жандуу диалог, түз баарлашуу орун алды.

“Ата Мекенди” шайлоого баштап бара жаткан лидер Жанар Акаев менен талапкер Рыскелди Момбеков бир ай бою кландык режимди сындап, мамлекетти башкаруу системасын реформалоо, парламенттин табиятын өзгөртүү жөнүндө сөз сүйлөп, шайлоочуларды добушун сатпай, тагдыр чечүүчү тандоону жаңылбай жасоого чакырышты.

“Азыр акча менен абийирдин, адал менен арамдын, ак менен каранын күрөшү жүрүп жатат. Ака-ука, кудаа-сөөк, бажалардын жоон тобу бул ирет бийликтин баарын колго алууну көздөдү. Алар мамлекеттин бүтүндүгү, өлкөнүн өнүгүүсү, жана балдардын жаркын келечеги үчүн жандалбастап жатат дейсизби!? Алар азыркы майкөл-сүткөл жашоосун уланткысы келет, жеке керт башынын, бизнесинин кызыкчылыктары үчүн бир ууч топко кың этпей кызмат кылуусун уланатат”, – деди Акаев.

“Ата Мекен” бийликтин, бир ууч топтун мыйзамсыз аракеттерине каршы гана турбай, жаратмандык менен мекенге кызмат кылууга даяр. Партия накта элдик депутаттарды, билимдүү, кесипкөй жана эң негизгиси духу күчтүү, эрки бекем адамдарды командага чогулта алды. Атамекенчилер премьер-министрликке күчтүү экономист, “миссиям – өлкөнү кризистен алып чыгуу” деген Эльдар Абакировду көрсөтүп жатат.

Партиянын «Жаңы дем” программасында бардык тармактар боюнча реалдуу, ишке ашырса боло турган чечимдер сунушталган. Негизгилерин белгилейли:

  1. Азыр өлкөдө парламенттик-президенттик эмес, супер президенттик башкаруу орун алууда. Биз муну ордуна коебуз. Президент Англиянын ханышасындай номиналдуу позицияда болот, чыныгы ыйгарым укуктар жана жоопкерчилик премьер-министрге берилет.
  2. 3 жылда чиновниктер армиясы 30%га кыскартылат. Борбордун көзүн карап отурбайбыз, чыныгы бийлик аймактарга берилет!
  3. Парламентке “чимкириктер” эмес, татыктуулар келет! Бул үчүн босого чекти 3%га түшүрүп, ачык партиялык тизме менен шайлоону киргизебиз. Сиз партияга гана эмес, анык бир талапкерге да добуш бересиз.
  4. Казынадан саламаттыкты сактоого бөлүнгөн акчаны ИДПнын 8%ына чейин жеткиребиз. Медиктердин айлыгы көтөрүлүп, алар үчүн турак-жай курулат.
  5. Фармацевтикалык мафияны жоебуз, дарылардын бааларын көзөмөлгө алабыз!
  6. Сөз эркиндигин, ар бир жарандын укуктары жана эркиндиктери сакталышын камсыздайбыз!
  7. “Кытай-Кыргызстан-Европа”  темир жолу долбоорун ишке ашырабыз!
  8. Өнөр жай, өндүрүш, кичи ишкерликке жеңилдиктер, шарттар түзүлөт.
  9. Ар бир үйгө сапаттуу жана баасы жеткиликтүү ылдам, сапаттуу интернет!
  10. Чек аралаш облустардын, делимитациялана элек тилкелер бар аймактардын тургундарына «кооптуу зонанын жашоочусу» катары кенемте төлөө боюнча мамлекеттик программаны кабыл алуу.

“Ата Мекендин” программасы менен кенен бул жактан таанышыңыз: https://atameken.kg/partiya/programma-partii/?lang=kg   

4-октябрь шайлоого катышып, туура тандоо жасаңыз. №6 “Ата Мекен” партиясына добушуңузду бериңиз!

“Ата Мекен” саясий партиясынын шайлоо фондунан (эсептик счет 1299007840002080) каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.К.Кулжанова тарабынан төлөндү.

Чыгарылган күнү: 02.10.2020