Жаратман жаштар “Ата Мекен” менен!

79

№6 “Ата Мекен” партиясы өз катарын күчтүү, эрктүү, тажрыйбалуу жаштар менен толуктады. “Көп жашаган эмес, көптү көргөн көрөгөч” – дейт акылман элибиз. Кырчындай мезгилинде далай сыноолорду жеңип өтүп, адал эмгектин арты менен абийир тапкан “Ата Мекендин” жаратман жаштары менен шайлоочуларды тааныштырабыз.

Нурсултан Калилов, “Ата Мекен” партиясынан талапкер:

Чек арадагы айыл тургундарына “кооптуу аймактан жашоочусу” катары компенсация төлөөнү демилгелейбиз

Нурсултан Калилов жаштар менен бирге “Мекеним Баткен” коомдук бирикмесин жети жыл мурун негиздеген. Алар чек ара көйгөйлөрүн чечүүдө мамлекетке негиздүү сунуштарын берип келди. Бирок сунуш берүү менен чечим кабыл алуу дегениң баары бир эки башка деңгээл. Нурсултан “чек ара маселесинин чечилишин тездетем, жалпы эле өлкө бүтүндүгү жана жаркын келечек үчүн күрөшөм” деп чоң саясатка аттанып жатат.

Ал Баткендин Самаркандек айылында туулуп-өскөн. Ата-энеси мугалимдер болгон үчүн үйдө да, мектепте да мекенди сүйүүгө, адилет болууга тарбиялашты. “Жогорку окуу жайын аяктап, жеке менчик ишканаларда эмгектенип калдым, финансылык директор болдум. Айлык-акы, жумушчуларга түзүлгөн жакшы шартка ыктап, азыр да өз пайдам үчүн иштей берсем болмок. А бирок ата-энем берген тарбия, атуулдук ариетим, жигиттик намысым ага жол берген жок. Анын үстүнө чек арадагы тынымсыз жаңжалдар, элимдин ыйы кантип тынч уктатсын”, – деп ой бөлүшөт Нурсултан. 

Тажикстан жана Өзбекстан менен чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин тездетебиз. Албетте, мында Кыргызстандын жалпы улуттук кызыкчылыктары биринчи орунда болот. Чек арадагы айыл тургундарына «кооптуу зонанын жашоочусу» катары компенсация төлөө боюнча мамлекеттик программаны кабыл алууну демилгейбиз. Мындан сырткары Кыргызстандагы жумушсуздукту, жакырчылыкты жоюу боюнча чечкиндүү кадамдарга барышыбыз керек, анткени ички жана тышкы миграция агымы күчөп бара жатат” – дейт Нурсултан Калилов.

Азизбек Нурматов, “Ата Мекен” партиясынан талапкер:

Жаштар – Кыргызстанды алга сүрөп кетүүгө даярбыз!

   Кыргызстан жаңыланууга муктаж… Бизге жаңы багыттар, жаңы идеялар керек. “Ата Мекен” партиясы быйылкы парламеттик шайлоодо дал ушул жагдайды эске алып, жаңы дем ураанынын астында тажрыйбалуу жаштарды өз катарына кошту. Иш билги, эмгектенүүдөн качпаган – Азизбек Нурматов өзүн атамекенчилердин катарынан көрүп, эл кызматын аркалоо үчүн Жогорку Кеңешке карай жол алды. Ал учурда Казакстанда ишкердик менен алектенет. Кыргызстанда жеке ишкерлерге колдоо жоктугунан чет жактарда жүргөнүн ай кейип, келечекте кыргыз ишкерлери биздей кыйналбасын деген максатта кичи жана орто бизнесте чечкиндүү кадамдарды ишке ашырууга кызыкдар экенин айтат.

Азыркы тапта Токтогул районунун тоо-кен тармагында чырмалышкан коррупция  күч алган. “Өздөн чыккан жат жаман” болуп, токтогулдук агаларыбыз лицензияны арзан баада алып, чет элдиктерге кымбатка сатып, жең ичинен акча жасаган фактылар бар. Ушундай эле көрүнүш Ала-Бука, Чаткал, Күмтөр кендеринде деле толтура. Бул өлкөнү көз-көрүнөө тоноо эмеспи?! Кытайлык компания Үч-Терек зонасындагы Кара-Кыр тоосунда алтын кенин казууну баштаганда жергиликтүү эл каршы чыгып, токтотуп калганбыз. Талап-тоногондон көрө, келечек ээлери максаттуу пайдалансын деген ойдомун. Жараткан энчилеген, аба-бабадан мураска калган байлыкты баалап-барктап албасак келечек бизди кечирбейт” –  дейт талапкер.

  Токтогул району бүт өлкөнү жарык менен камсыздайт. ГЭСти куруу жергиликтүү эл үчүн оңойго турган эмес. 33 000 гектар жер суу алдында калып, 28 айыл-кыштак коопсуз жайларга көчүрүлгөн. “Ата-бабаларыбыздын  көрүстөндөрү, короо-жай, бактар ГЭСт курууда садага чабылып кеткен. Бирок бүгүнкү күндөгү ГЭСтин абалы, тамырлаган коррупция элибизге андан өтүп залакасы тийгизип жатат. ГЭСтин пайдасы жеке чөнтөктөргө түшкөнү элдин кыжырын кайнатууда. Анткени бир учурдагы жоготууларына татыктуу болбой жатат. Максатына жетпеген эки жолку революция, эки жолу үмүтү талкаланган элдин абалы өкүндүрөт. Ошол саясатчылар азыр дагы бийликте отурушат. Ошондуктан бул шайлоодо жаңылбайбы. Туура тандоо жасайлы. Добушубузду сатпайлы!” – дейт Азизбек Нурматов.

Алтыбай уулу Нурсултан, “Ата Мекен” партиясынан талапкер: Кыргызстандын бутуна турушун күтпөй, бутуна мен тургузам деп мекениме кайттым!

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу боюнча адис. Түштүк Кореядан эл аралык мамилелер боюнча магистратураны бүтүргөн. Туризм, өлкөгө инвестиция тартуу, тил үйрөтүү жана жаштарды чет өлкөгө окууга жиберүү менен алектенет. Өлкө үчүн маанилүү маселелерде талкууларга катышып, сергек, эркин жарандык коомду курууга салым кошуп келет.

Чет өлкөлөрдө жүргөн айрым жаштар “Кыргызстан качан гана бутуна туруп, өнүккөндө мекенге кайтам” деген позицияны карманат. Нурсултанда деле өлкөгө сырттан көз салып, өз турмушун тыңдап алууга мүмкүнчүлүк бар эле. Бирок ал башка жолду тандады – бул мамлекеттин бүтүндүгү, элдин жыргалчылыгы үчүн күрөштүн жолу.

Нурсултан Алтыбаев Түштүк Кореяда билим алып, эл аралык мамилелер боюнча магистр даражасына ээ болгон. Ал өзүн окуу менен гана чектеген жок. Жеке компанияларда иштеп, ал жактагы саясий процесстерге ичтен аралашып, чоң тажрыйба топтоду. ОшМУда окуп жүргөндө эле Жаштар комитетин жетектеп, коомдук турмушка активдүү аралашкан жигит Кореяда да дараметин көрсөттү. Кореядагы студенттердин ассоциациясын негиздеп, Кореядагы жалпы кыргызстандыктардын “Биримдик” диаспорасын түзүүчүлөрдүн бири болду.

“Кореяда калып кетсем болмок, башка өнүккөн өлкөлөрдө 5-10 жыл жашап, иштегенге да мүмкүнчүлүк бар эле. Бирок өлкөмдү өзгөртөм деген максатым белгилүү болгон соң, убакыттан уттургум келген жок. “Кыргызстан бир аз өнүксүн, бутуна турсун, анан барам” дегендер бар. Мен аларга тамашалап: “Кыргызстанды мен барым оңдойм, ошондо силерди киргизбейм” дечүмүн”, – дейт Нурсултан Алтыбаев.

Ушундай прогресивдүү, мекендин эртеңи үчүн күйүп-жанган жаштарды шыктандыруунун ордуна биздин аткаминерлер аларды жер каратканы жарандарды ойлондуруш керек.

“ Нурсултандын айтымында, Кыргызстандын келечегинен үмүт үзүп, оор үшкүрүнүп отура бергенден пайда жок. Позитивдүү өзгөртүүлөрдү ишке ашыра турган реформатор, жаратман, билимдүү, принципиалдуу адамдарды шайлоо аркылуу бийликке алып келүү зарыл. Ар бир адамдын добушу чечүүчү мааниге ээ, ар бир адам мамлекеттин азыркы абалына жооптуу.

4-октябрь шайлоого катышып, туура тандоо жасаңыз. №6 “Ата Мекен” партиясына добушуңузду бериңиз!

“Ата Мекен” саясий партиясынын шайлоо фондунан (эсептик счет 1299007840002080) каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.К.Кулжанова тарабынан төлөндү.

Чыгарылган күнү: 02.10.2020