Евраз Осмонов: Саламаттыкты сактоо тармагына, медициналык билим берүүгө инвестиция тартуу керек

107

Евраз Осмонов – №6 “Ата Мекен” партиясынан депутаттыкка талапкер, коомдук ишмер жана жеке ишкер. Ал заманбап шартты эске алуу менен саламаттыкты сактоону өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн өз мисалында далилдеген инсан. Евраз Түркияда, АКШда окуп, Гарвард бизнес-мектебинде билим алган соң Кыргызстанга кайткан. Мекенине келип социалдык багыттагы бизнести өнүктүрүүгө киришкен. Адегенде дүйнөлүк стандарттарга жооп берген медициналык клиниканы түптөгөн. Анын аркасында пандемия маалында миңдеген кыргызстандыктарга жардам колун сунду. Мурдатан эле жасалма дем алдыруучу аппараттар менен жабдылган клиника жүздөгөн адамдардын өмүрүн сактап калды.

“Жарандар сапаттуу медициналык кызматтар менен камсыз болушу үчүн каалоо менен иштин көзүн табуу гана керектелет. Саламаттыкты сактоого жана медициналык билим берүүгө жеке инвестиция тартуу зарыл. Бул жаңы өкмөттүн программасынын өзөгүн түзгөн атайын бөлүм болууга тийиш”, – дейт Евраз Осмонов.

Кыргызстан ири, күчтүү социалдык капиталдын ээси. Буга пандемия учурундагы кризис далил болду. Мындай уюшкандык, өз ара жардамдашуу, кыргыз коомчулугунун биримдиги менен сыймыктанышыбыз керек.
“Биз волонтердук кыймылдарды жайылтуу, популярдуулугун арттыруу саясатын жүргүзөбүз. Өлкө өз баатырларын таанышы керек. Кайсыл муун болбосун буга маани беришсин. Азыркыдай өткөөл мезгилде, ушундай социалдык активдүү, кайрымдуу, боорукер адамдар башкаларга үмүт берип, үлгү болуп, өлкөнүн потенциалын ачыктап коюшту”, – деп белгилейт ал сөзүндө.

Евраз Осмоновдун айтымында, “Ата Мекен” партиясы саламаттыкты сактоого жаңы дем бере алчу сунуштар менен чыкты.

“Мамлекеттик бюджеттин саламаттыкты сактоо тармагынын муктаждыктары үчүн чыгымын ички дүң продукциянын 8%ына чейин көтөрүүнү сунуштап жатабыз. Мындан сырткары каржылоону өзгөртөбүз. Акча ооруканага эмес, бейтапка багытталышы керек. Башкача айтканда, жумуш «акча бейтаптын артынан жүрөт» деген принципте уюштурулат. Ар бир кыргызстандык өзү үчүн кепилденген медициналык кызматтардын базалык топтомун так элестете алышы зарыл. Медициналык камсыздоонун ар кандай формаларын, анын ичинде жеке жана коомдук түрлөрүн киргизүү жана өнүктүрүү сунушубуз бар” – дейт Осмонов.

“Ата Мекен” саясий партиясынын шайлоо фондунан (эсептик счет 1299007840002080) каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.К.Кулжанова тарабынан төлөндү.
Чыгарылган күнү: 01.10.2020